Басым борбору – суюктуктун же газдын кыймылдагы же тынч абалдагы нерсеге аракет этүүчү жыйынтыктоочу басым күчүнүн умтулуу сызыгы менен нерседе жүргүзүлгөн кандайдыр тегиздиктин кесилишкен чекити.
Мисалы, самолеттун канаты үчүн Басым борбору аэродинамикалык күчтүн R аракет этүү сызыгы менен канаттын хорда тегиздигинин кесилиш чекити катары аныкталат. Басым борборунун абалы нерсенин (телонун) формасына көзкаранды, ал эми кыймылдагы нерседе кыймылдын багытына жана курчаган чөйрөнүн касиетине жараша болот. Үн ылдамдыгынан чоң ылдамдыктагы кыймылда басым борбору абанын кысуусунан самолёттун куйрук жагын көздөй жылат. Кыймылдагы нерсенин (самолөт, ракета ж. б.) Басым борборунун абалынын өзгөрүшү анын кыймылынын туруктуулугуна таасирин тийгизет. Нерсенин кыймылынын туруктуу болушу үчүн оордук борборуна карата аэродинамикалык күч таасир эткен моментте басым борбору мурунку абалына келгидей жылууга тийиш.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Басым борбору, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.