Кризистик басым, критикалык басым – заттын же зат аралашмасынын кризистик абалдагы басымы.
Таза заттар Кризистик басымдан төмөнкү басымда тең салмактуу суюк жана буу фазаларына бөлүнөт. Кризистик басымда бул эки фазанын ортосундагы айырма жоюлуп, зат өзгөчө бир тектүү абалга өтөт. Бул Кризистик басым тең салмактагы суюктуктун жана буунун чектик басымы, башкача айтканда Кризистик басым заттын физикалык мүнөздөмөсү болуп саналат. Аралашмаларда Кризистик басым анын курамына көз каранды. Таза зат үчүн Кризистик басым бир гана мааниге (чекитке) ээ. Ал эми аралашмаларда Кризистик басым чекиттер системасын түзөт, башкача айтканда аралашма үчүн Кризистик басым сызык менен мүнөздөлөт. Бул сызыктын ар бир чекити Кризистик басымга, кризистик температурага, көлөмгө жана кризистик курамга ээ болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кризистик басым, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.