WALL·E ― 2008-жылы Эндрү Стэнтон тарткан, Жим Моррис өндүргөн америкалык компьютерде анимацияланган илимий-фантастикалык тасма.
Сценарийин Стэнтон жана Жим Риердон жазган. Үн кошкондор: Бен Бөрт, Элисса Найт, Жефф Гарлин, Фред Уиллард, Жон Ратценбергер, Кэти Нажими, Сигурни Уивер жана "MacInTalk" системасы. Тасманы "Pixar Animation Studios" өндүргөн, ал эми "Walt Disney Pictures" таркаткан.
WALL·E | |
---|---|
Режиссеру | Эндрү Стэнтон |
Продюсер | Жим Моррис |
Сценарийи |
|
Оператору |
|
Тартылгандар |
|
Музыкасы | Томас Нүман |
Редактору | Стивен Шаффер |
Студия |
|
Жайылтуучу | Walt Disney Studios Motion Pictures |
Чыккан жылы |
|
Узактыгы | 98 мүн. |
Өлкөсү | АКШ |
Тили | Англис |
Бюджети | $180 млн |
Киреше | $533.3 млн |
Стэнтон "Немону издөө" тасмасын тарткан соң "Pixar" суу алдындагы физиканын ынанымдуу көчүрмөсүн жасай алган соң, космоско тиешелүү тасма тарткысы келген. Тасмасынын башында бир аз диалог орун алат да, көпчүлүк каармандардын үнү жок болгондуктан дене тили жана Бен Бөртт түзгөн робот үнү менен байланыш түзүшөт. Тасмада ысырапкордук, корпоратизм, адамдын айлана-чөйрөгө таасири, ашыкча салмактуулук, глобалдык катастрофа сындалат. Бул анимация кээ бир бөлүктөрүндө адам каармандар да катышкан "Pixar"студиясынын алгачкы тасмасы. "Pixar" салтына ылайык тасма "Престо" кыска тасмасы менен бирге жарыкка чыккан.
"WALL·E" тасмасын 2008-жылы 27-июнда АКШ жана Канадада "Walt Disney Studios Motion Pictures" жарыкка чыгарган. Тасма жарыкка чыгаары менен хитке айланып, $180 млндук бюджет менен $533,3 млн киреше тапкан. Киносынчылардын да элегинен ийгиликтүү өтүп, 2008-жылы "Алтын глобустун" "Эң мыкты анимациялык тасма" сыйлыгын, 2009-жылы "Hugo" сыйлыгынан "Эң мыкты ири формада коюлган тасма" наамын, "Nebula" сыйлыгынын "Эң мыкты сценарий" наамын, "Сатурндун" "Эң мыкты анимациялык тасма" сыйлыгын жана Оскардан "Эң мыкты анимациялык тасма" сыйлыгын алган. Ошондой эле "Time" журналынын "Декаданын эң мыкты тасмалары" тизмесинин да башында турган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article WALL·E, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.