iOS - Электрондук техникаларды өндүргөн “Apple” корпорациясынын өздүк оперативдик системи. Бул оперативдик систем аталган корпорациянын гана техникаларына орнотулат.
(Мурдагы аталышы iPhone OS) |
Компания / түзүүчү | Apple |
---|
ОС бүлөсү | Unix |
---|
Иштөө абалы | иште |
---|
Код модели | Жабык (Бош компонентүү) |
---|
Биринчи релизи | 29 июль 2007 жыл |
---|
Колдогон тилдер(s) | 34 тилдүү |
---|
Башкаруучу пакет | Apple store |
---|
Колдогон платформалар | биринчи релизи (9.0) жеткиликтүү: - iPhone 4S, 5, 5C, 5S, 6, 6 Plus, 6S, 6S Plus;
- iPod touch 5G; 6G;
- iPad 2, 3, 4, Air, Air 2, Pro
- [[iPad mini]], iPad mini 2, iPad mini 3, Pad mini 4
- [[Apple TV]] 2Gen, 3Gen
|
---|
Кернел тиби | XNU Монолиттик |
---|
Баштапкы колдонуучу интерфейси | API |
---|
Расмий веб сайт | apple.com/ru/ios |
Мүнөздөмө
Артыкчылыктары
- Колдонууга оңой жана түшүнүктүү. Ичиндеги кызматтарды колдонуу ашыкча түйшүктү талап кылбайт.
- Интернетке кирүү жогорку ылдамдыкта.
- Программалардын иштөөсүн тез аткарат.
- Программа, оюн жана башкаларды жүктөөдө вирус кирип кетүү коркунучу жокко эсе.
- Оюндары, программалары сапаттуу.
- Android’ге салыштырмалуу энергияны аз сарптайт.
- Оперативдик системди жаңылоого мүмкүн.
- Картадан жүргөн дарегиңизди, ошол аймактын аба ырайын аныктап, жергиликтүү ресурс, сервистерине кирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
- Видеобайланышты камсыздайт.
Кемчиликтери
- Аталган оперативдик систем бир гана “Apple” корпорациясынын телефондоруна орнотулат.
- Программа, оюн жана башкаларды жүктөө үчүн корпорациянын өндүргөн продуктыларын гана жүктөөгө болот, ошондой эле алардын баасы башкаларга салыштырганда кымбат турат.
- FM радио жок.
- Видеолордун көпчүлүк форматын окуйт. Ал эми flv форматындагы видеону көрсөтө албайт. Бул үчүн атайын программа орнотуу зарыл.
- Блютузду иштетүү үчүн да атайын программа орнотуу талап кылынат.
- Кошумча эс (флешка) туташтырууга мүмкүн эмес.
- Кошумча интернет түйүндөрүнүн кызматтары туташтырылган эмес.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article IOS, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.