Alexa Internet, Inc.
Ал коммерциялык веб трафик маалыматтарын жана статистикасын камсыз кылат. Ал толугу менен Amazon.com'дун туунду компаниясы болуп саналат.
1996-жылы көз карандысыз компания катары негизделген Alexa Amazon компаниясы тарабынан 1999-жылы сатылып алынган. Анын шаймандар терезеси желеде кыдыруу жүрүм-туруму тууралуу маалыматты чогултуп, аларды Alexa сайтына өткөрүп берет. Ал жерде маалыматтар сакталып, талданат. Бул компаниянын желе трафик баяндамасынын негизи болуп саналат. Компания өзүнүн сайтында билдиргендей, Alexa трафик маалыматтарын, дүйнөлүк рейтингди жана ошондой эле 30 миллион вебсайттагы башка маалыматтарды берет. 2015-жылга карата, аталган сайтка бир ай ичинде 6.5 миллиондон ашуун киши кирген. 2017-жылдын июнуна карата, Alexa рейтингиндеги номур 1 Google.com сайтына таандык. Андагы орточо бир күндүк убакыт 8 мүнөт 10 секундду түзөт жана орточо бир күндүк барактарды көрүү 8.01 болуп саналат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Alexa Internet, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.