Электр каршылыгы - өткөргүчтө (же электр тизмегинде) электр тогунун өтүшүнө каршы таасир мүнөздөөчү физикалык чоңдук.
Туруктуу чыңалуу кезинде Электр каршылыгы скалярдык чоңдук: ал чыңалуунун (U) ток күчүнө (L) болгон катышына барабар, R менен белгиленет. Электр каршылыгы өткөргүчтүн материалына, өлчөмүнө, формасына көз каранды. Өткөргүчтүн Электр каршылыгы анын уз-на түз, ал эми туурасынан кесилишине тескери пропорциялаш: R=ci/S, мында с - салыштырма Электр каршылыгы I - өткөргүчтүн уз. Металлдардын Э. к. кристаллдык торчонун жылуулук термелүүсүндөгү жана структуралык бир тектүү эместигиндеги электрондордун өткөрүмдүүлүк чачыроосу менен байланышкан. Ошондуктан демейде R температурага Т көз каранды жана Т - »0 болуп, качан гана жылуулук термелүүсү Электр каршылыгы на таасир этпесе, ал толугу менен кристалл структурасы боюнча аныкталат жана Тга көз каранды болбойт. Өтө төмөнкү Тда кээ бир металлдар менен куймалардын Электр каршылыгы кескин азаят. Электр каршылыгы электр энергиясын жылуулукка өткөрүп, чачыроо алып келет (к. Жоуль-Ленц закону). Чектүү өлчөмдөгү өзгөрмө токтун ар кандай өткөргүчү активдүү каршылыгынан башка индукциялуу жана көлөмдүк каршылыкка да ээ. Электр каршылыгы омметр менен өлчөнөт, СИдеги бирдиги - Ом.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Электр каршылыгы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.