Хью Майкл Жекман (англ. Hugh Jackman;1968-жылдын 12-октябрында туулган) - австралиялык актер, ырчы жана продюсер.
Жекман кинонун түрдүү жанрларында аткарган ролдору аркылуу эл аралык атак-даңкка ээ болгон. Актер "Х-кишилер" (англ. X-Men) тасмасында узак убакыт бою Жеймс «Логан» Хоулетттин ролун ойногон. "Кейт жана Лео" (англ. Kate & Leopold, 2001), Ван Хельсинг (англ. Van Helsing, 2004), "Престиж" (англ. Prestige, 2006), "Фонтан" (англ. Fountain, 2006), "Австралия" (англ. Australia, 2008), "Бактысыздар" (фр.Les Miserables, 2012) жана "Абактагылар" (англ. Prisoners, 2013) тасмаларында башкы ролдорду жараткан. Анын "Бактысыздар" тасмасындагы ролу аны биринчи жолу "Оскар" сыйлыгына "Эң мыкты актер" номинациясында көрсөткөн 2013-жылы аталган ролу үчүн "Алтын глобус" сыйлыгынын "Комедиядагы/мюзиклдеги же көркөм фильмдеги эң мыкты актер" номинациясында талапкер болгон.
Бродвей театрында Х. Жекман "Оз өлкөсүнөн чыккан бала" пьесасындагы ролу үчүн "Тони" сыйлыгын утуп алган. Хью "Тони" сыйлыгынын бир сезондогу төрт негизги театралдык байгесин жеңип алган актер, алардын ичинде "Эмми" сыйлыгын дагы алган. Х. Жекман 2009-жылы 22-февралда болуп өткөн "Оскар" сыйлыгынын 81- расмий аземине дагы чакырылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Хью Жекман, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.