Хара Балырлары

Хара балырлары (лат.

Ошондуктан буларды көпкө чейин жашыл балырларга киргизип келишкен. Сырткы көрүнүшү боюнча жогорку түзүлүштүү өсүмдүктөргө (кырк муунга) окшош. Бул окшоштук – сырткы гана окшоштук. Себеби Х. б-нын денесинде чыныгы тамыр, сабак, жалбырактар жок. Алар көп клеткалуу талломдордон турат.

Хара Балырлары
Closterium ehrenbergii.

Мүнөздүү белгиси - талломдун сырткы көрүнүшүндө. Анда негизги ок, же «сабак», топтошкон каптал октор, же «жалбыракчалар» жайгашат.

Клетканын чел кабыгы калың, ички катмары целлюлозадан, сырткы катмары каллезадан туруп, анда акиташ топтолот. Цитоплазма чел кабыктын ички катмарына жакын, анда көптөгөн кичинекей диска түрүндөгү пиреноидсиз хроматофорлор жайгашат.

Х. б. вегетативдик жана жынысташуу жолдору менен көбөйүшөт. Вегетативдик көбөйүү сабактан төмөнкү муундарындагы жана ризоиддериндеги түймөчтөрдүн жардамы менен жүрөт, алар жаңы бутактарды пайда кылышат. Айрымдарында «сабактын» төмөнкү бөлүктөрүнөн «бутакчалар» пайда болуп, андан «тамыр-сабактар», ризоиддер чыгып, кийин булардан жаңы бутактар пайда болот.

Жыныстык процесс оогамдык. Жыныстык органдар татаал түзүлүштө. Оогония жана антеридиялар бири бирине жакын аралыктарда жетилишет, эки үйлүү түрлөрү да бар.

Жыныстык органдар жалбырактардын колтуктарында – анын үстүнкү бөлүгүндө оогония, төмөнкү бөлүгүндө антеридия жайгашат.

А

Х. б. көбүнчө тузсуз сууларда, кээде азыраак туздуу сууларда кездешет. Өзгөчө токтоо сууларда көп.

КМШда булардын 51 түрү белгилүү, алардын 35 түрү Борбордук Азияда. Кырг-нды суларында (Ысыккөл, Чоңкөл, Кабланкөл көлдөрүндө; Акбуура, Яссы, Нарын жана башка дарыяларда, Тянь-Шандын, Алайдын сырттарынын саздарында жана башка) көбүнчө хара тукумунун түрлөрү кеңири таркалган.

Бийик тоолуу сууларда (2700 – 4000 м. д. д. б) Х. б. жок.

Харалардын акиташты денесинде топтошу өзгөчө мааниге ээ болуп, аларды ушул күндө көптөгөн өлкөлөрдө (Швецария, Япония) жер семирткичтер катарында кеңири колдонушат.

Колдонулган адабияттар

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4

Tags:

Жашыл балырларЛатын тилиӨсүмдүктөр

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кыргызстандын дары сууларыЧүй облусуКубанычбек МаликовТамеки чегүүДан эгиндериГеографияЭкологиялык факторлорРентген нурларыЭпосОкутуу методуЭне-Сай кыргыз кагандыгыКыргыз оюм чийимдериНоорузХимиялык формулаларСынчыМетафораАйтматовдун чыгармаларыСолтоноев Белек Солтонкелди уулуКлиматЭпистолярдык формаФольклорКыргыз Ала-ТооЧоң казатКасымалы ЖантөшевБилим берүүнүн мамлекеттик стандартыВолейболПиелонефритБарпы АлыкуловТүштүк КореяТоктоболот АбдумомуновАраб халифатыТуруктуу өнүгүүЗат жана энергия алмашууСолтоЖыл сүрүүБирдиктер системасыПирамида (геометрияда)Дүйнөнүн жети кереметиКыргыз киносуМахабат дастаныСөзЖыл сүрүү жадыбалыГалактикаКосмосАбдырахман Кучак уулуЖөндөмөСүмөлөкБенжамен Блумдун таксономиясыМанас эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантыӨтмө мааниЫбырайым Абдыракман уулуФонетикаБаш кийимУмай энеУсун мамлекетиБериллийКүкүртКургак учукКитептин тарыхыЧуст маданиятыНаймандарМухаммед пайгамбарКылым карытар бир күнУстуканДаникеев, ӨскөнКыргызстандын шаарларыМамлекеттик чек араПублицистикаКыргыз Советтик Социалисттик Республикасы“Алтын кыз” (драма)БиологияКомпиляцияДиалектТаш дооруКакырык чыгаруучу дарыларКыргызстандын тышкы саясатыЧыныгы достукКонституция🡆 More