Талаа

Талаа – ксерофиттик мүнөздөгү өсүмдүктөр үстөмдүк кылган өсүмдүктүүлүк.

Боздоң, дүңгөлүү Т., акырындап сейрек бадалдуу Т-га, ал эми экинчи чөлгө айланат, кээ бири болсо бирин-серин болгон, жалбырактары күбүлүп түшкөн токой сымалдуу жана ар түрдүү өсүмдүктөрдүн тобу: мисалы, пияздар , ыраңдар, кургакчылыкка жана сууктукка чыдамдуу көп жылдык чөп өсүмдүктөрүнөн турган өсүмдүк үстөмдүк кылат. Эреже боюнча экватордун багыты менен боздоң дүңгөлүү Т. жаан чачындын санынын азайышы менен чөлгө айланат. Т-лар узакка созулган ысык жайдын, аздыр­көптүр суук кыштын таасиринен жана 200дөн 500 ммге чейин жеткен жаан­чачын жааган жерлерге мүнөздүү. Талаалар Евразияда көптөгөн аянтты ээлейт. Талаалардын аналогдору болуп Түндүк Америкадагы прериялар, Түштүк Америкадагы пампастар, Жаңы Зеландиядагы туссопов дан өсүмдүктөрүнүн коомдоштугу саналат. Т-дагы өсүмдүктөр кара жана кочкул­күрөң топурактуу жерлерде өсөт. Бул жерлерде негизинен көпчүлүк учурларда дүңгөлүү көп жылдык дан өсүмдүктөрү (бетеге, тулаң, жылган, тоо сулуу, коңурбаш жана башка) дүңгөлүү ыраңдар, сейрегирээк пияздын түрлөрү; сейрек бадалдар (табылгы, алтыгана, бадам жана башка) кездешет. А. ч-сынын өнүгүшүнө байланыштуу көпчүлүк талаалар айдалып, ал жерлерде маданий өсүмдүктөр эгилип, табигый өсүмдүк өскөн Т. коруктарда, тоолордо гана сакталып келет.

Талаа
Талаа
Талаа.

Тоют өсүмдүктөрү – малга тоют үчүн өстүрүлүүчү бир жылдык, эки жылдык же көп жылдык өсүмдүктөр. Т. ө-нө тоют чөптөр, тамыры азык жана түймөк тамырлуу тоют өсүмдүктөр; тоюттук бакча өсүмдүктөрү, силостук өсүмдүктөр, дан жана чанактуу өсүмдүктөр жана башка кирет. Т. ө. которуштуруп эгүү жолу менен өстүрүлөт. Туруктуу тоют базасын түзүүдө Т. ө-нүн мааниси чоң. Тоют чөбүнүн бир жана көп жылдык дан жана чанактуу өсүмдүктөр тоюттук тамыры азык өсүмдүктөрдөн, тоюттук сабиз, брюква, тоют кызылчасы, турнепс, жана башка; тоюттук түймөк тамырлуу өсүмдүктөрдөн картошка (тоюттук сорту), жер алмурут жана башка, тоюттук бакча өсүмдүктөрүнөн тоюттук дарбыз, ашкабак; силостук өсүмдүктөрдөн жүгөрү, күн карама, тоют капустасы , күздүк чамгыр жана башка эгилет. Көк тоют (буурчак, соя жана башка) жана дан (арпа, сулу жана башка) өсүмдүктөрү; жем алуу үчүн чанактуу дан өсүмдүктөрүнөн жер буурчак, буурчак жана башка дан өсүмененөн арпа, сулу, жүгөрү жана башка өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4

Tags:

АмерикаЕвразияЗеландияПиязТокойӨсүмдүкӨсүмдүктөр

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

СинтаксисБөтөн сөзМухаммед кыргызТөрөтКүнФонетикаТарыхУлуу жибек жолуТелибай тентекТоктогул ГЭСиМухтасар и-тарых КыргызийаУсун мамлекетиИманалиев Элмирбек КалиловичТушоо кесүүЭлечекРиторика.Риторика илими.Нуклеин кислоталарыЗатКомуз1930БасмачылыкЖаз мезгилиАлюминийФотоэффектИшкерКыргыз Республикасынын экономикасыМанастын күмбөзүЭкосистемаАлгачкы СоветтерКараханийлер кагандыгыДене тарбияHTMLАргындаштырууСүт эмүүчүҮчтүк союзУйкашАбдылдабек Алымбек датка уулуТүйүлдүкМамлекеттик башкарууКожомбердиев ТурарАйыл чарбаны коллективдештирүүКыргыз сомуОкутуу технологиясыАракечтикАк Мөөр (поэма)Мекенчилдик«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруСтамов АсанбекКыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрүПрокси серверКурманжан ДаткаАктАсан КайгыЖарым өткөргүчКокон АвтономиясыТүрдүн пайда болушуЖасалма интеллектКызамыкИталияКыргызстандын гимни«Замана» агымыАбанын булганышыКаныкей образыЭсенкожоев КусейинАзербайжанКөкөтөйдүн ашыАтама сүйлөмБөйрөкБайыркы грек философиясыЧүкө оюндарыЖолон МамытовБир өңчөй мүчөВенераФилософияИчки органдарКыргыз элчиликтериТүркстан тоо кыркасы🡆 More