Пруссия

Пруссия — согушчул-колониячыл, милитаристтик жана реакциячыл немец мамлекети.

Ал немец феодалдарынын 12–17-кылымда Борбордук, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европаны каратууларынын натыйжасында Бранденбург курфюрсттугу (12-кылым) менен Тевтон орденинин (13-кылым) базасында пайда болгон. 1618-жылы Бранденбург-Пруссия мамлекети түзүлгөн. Пруссия 1701-жылы Гогенцоллерндер династиясы бийлеген королдукка айланган. Пруссияда юнкерлердин мүдөөсүн көздөгөн милитаристтик полициялык-бюрократиялык режим орногон. Фридрих Инин тушунда (1740–86) Пруссия армиясы Европадагы эң чоң армияга айланган. 18-кылымдын 40-жылдарында Силезияны караткан. Полыпаны үч жолу бөлүштүрүүгө (1772, 1793, 1795) катышып, Гданьск, Познань ж. б. жерлерди кошуп алган. 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында революциячыл, кийин наполеондук Францияга каршы коалицияга катышкан. 1806-жылы Наполеон I тарабынан талкаланган. Вена трактаты боюнча 1815-жылы Пруссияга Саксониянын бир бөлүгү, Рейндин райондору өткөн. 1848–49-жылдары буржуазиялык-демократиялык революция монархия менен реакцияны жоё алган эмес. 1850-жылкы антидемократиялык конституция юнкерлердин мүдөөсүн канааттандырган. Австрия-Пруссия (1866) жана Франция-Пруссия (1870–71) согуштарынан кийин Пруссия Германияны пруссиялык милитаризм негизинде бириктирүүнү аяктаган. Пруссиялык жана германиялык милитаристтер Биринчи дүйнөлүк согуштун (1914–18) демилгечилеринен болгон. Германиядагы Ноябрь революциясынын (1918) натыйжасында Пруссияда монархия кулатылган, бирок сакталып калган реакциянын үстөмдүгү Германияда фашисттик диктатуранын орношу менен (1933) өтө күчөгөн. Экинчи дүйнөлүк согушта (1939–45) фашисттик Германия жеңилип, Потсдам конференциянын (1945) чечими боюнча мурда Пруссия тартып алган поляк жерлери Польшага, Кёнигсберг жана ага чектеш райондор СССРге кайтарылып, Пруссиянын калган аймагы Германиянын курамына кошулган. Германиядагы контролдук кеңештин 1947-жылы 15-февралдагы кабыл алган мыйзамы боюнча Пруссия мамлекети жоюлган.

Колдонулган адабияттар

Tags:

Биринчи дүйнөлүк согушГерманияКалининградПольшаЭкинчи дүйнөлүк согуш

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Аң-сезимЖыйырма сегиз панфиловчуларКыргыз улуттук опера жана балет театрыСалыкКызыл армиянын улуттук бөлүктөрүАбдырахман Кучак уулуБака жалбыракЭкосистемаЧуст маданиятыЧоң казатБиосфераКислотаКубаттуулукБатыш түрк кагандыгыТөрт бурчтукЖасалма интеллект“Алтын кыз” (драма)Өнөр жай роботуИбраев, ЭсенгулАкчаҮч бурчтукПсихологияКыргыз урууларыКир II УлууБашкаруу байланышыМанас (чоку)Кыргыз элинин калыптанышыЧагылганОрганикалык химияФотоэффектСак уруусуАт атоочКыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүЖарандык согушМейозКоррозияХундарБаш мүчөЖумурткаИталияТүштүк-Батыш АзияТоктогул СатылгановКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруМаданий өсүмдүкБазарЛазерЭмоцияМарсСүт эмүүчүАбдылдабек Алымбек датка уулуОкутуу методуОозул (стоматит)Жалил СадыковНасыяЖаз мезгилиРимКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыМуун (лингвистика)Кыргызстандын дары сууларыКыргызстандагы жаан-чачындарАныктоочБоорТилЖыл сүрүү жадыбалыОтоо чөп24-апрельКаада-салт ырларыПланеталардын жандоочуларыЭлектр кыймылдаткыч күчүГрамматикаХимиялык булаларТабигый ресурстар, жaратылышБурана (мунара)АкынЭмгек рыногуХимиялык формулаларСеметей эпосу🡆 More