Палембанг – Индонезиянын түштүгүндөгү шаар.
Суматра аралында. Түштүк Суматра провинциясынын административдик борбору. Муси дарыясынын чатында жайгашкан порт (негизинен нефть ташылат). Калкы 1,5 млн (2010). Эл аралык аэропорту бар. Нефть промыселинин борбору. Нефть ажыратуу, табигый каучук, тамак-аш, текстиль, жыгаччылык, резина-техникалык өнөр-жай ишканалары жана кеме верфи иштейт. Университет бар. Курулуштары негизинен түркүктөргө (эстокада) жана кайыктарга салынган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Палембанг, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.