Нормандия – Франциянын түндүк-батышындагы тарыхый аймак.
10-кылымдын башында Сена дарыясынын чатын норманндар басып алгандан «Нормандия» деп аталып, өзүнчө герцогдук (борбору – Руан) болгон. 924–933-жылы Нормандиянын Батыш аймагы кеңейип, Төмөнкү Нормандия кошулган. Норманндар жергиликтүү калк менен сиңишип, француз тилин үйрөнгөн (норманн диалектиси түзүлгөн) жана француз-феодалдык институттарды күчүндө калтырган. 11-кылымда герцог Вильгельм II (1035–87-жылы башкарган) Мен графтыгын, Анжу графтыгынын бир бөлүгүн, 1066-жылы Англияны караткан соң (к. Норманндардын Англияны каратуусу (1066)), Нормандия Англия-Нормандия державасынын бир бөлүгүнө айланган. 1202–04-жылы Нормандияны француз королу кайра тартып алса да, Нормандия бөтөнчө укугун, артыкчылыгын жана шаарларын өзү башкаруу укугун сактап калган. Жүз жылдык согуш (1337–1453) убагында 1417–19-жылы англистер басып алып, алар 1449–50-жылы куулган соң, Нормандия провинция статусу менен король доменине кошулган. Диний согуштардын (16-кылым) убагында Нормандияда кальвинизм кеңири тараган; гугеноттор Нормандиянын Руан баш болгон бир нече шаарын басып алган. 1685-жылы Нант жарлыгы (1598) жоюлган соң, гугеноттор Нормандиядан Англия менен Германияга массалык түрдө кетишкен. 16–17-кылымда өнөр жайлуу провинциялардын бири болгон. Анда салык эзүүсүнүн күчөшүнөн көп сандаган элдик көтөрүлүштөр (эң ириси – «жылаңайлактар» көтөрүлүшү, 1639) чыккан. 1790-жылы Франция департаменттерге бөлүнгөн соң Н. жоюлган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Нормандия, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.