Мөндүр – кичине томолок, ныкталган муз түрүндө жааган атмосфералык жаан-чачын.
Өлчөмү 5– 55 мм, кээде андан да чоң болот. Күн жылуу маалда түшөт: аба алмашуунун натыйжасында төмөнкү катмардагы нымдуу жылуу аба жогору (5–6 кмге) көтөрүлүп, тез муздашы менен муз кристаллдарына айланат. Кристаллдар төмөн түшө баштаганда кездешкен ным алардын көлөмүн чоңойтуп, мөңгү бүртүктөрү пайда болот. Адатта, калың түрмөктөлгөн булуттан кууш, бирок узун (жүздөгөн кмге чейин) тилкеде чагылгандуу кара нөшөр менен кошо түшөт. Мөндүр көбүнчө мелүүн алкакта, түштөн кийин жаап, адатта, 5–10 мүнөт, чанда жарым саатка созулат. Уюлга жакын аймактарда мөндүр түшпөйт. Мөндүр эгинди, бак-дарактардын мөмөлөрүн, бүчүрлөрүн талкалап, айыл чарбага өтө зыян келтирет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мөндүр, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.