Мүнхен (нем. München) – Германиядагы шаар.
Бавария жеринин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Альп тоосунун этегинде, Изар дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,3 млн (2011; шаар айланасы менен Чоң Мүнхендин калкы 2,6 млндон ашык). Европалык маанидеги маанилүү жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн өнөр жай, финансы, илимий жана маданий борборлорунун бири. Электр-техника, радиоэлектроника, жалпы жана транспорттук машина куруу, кагаз, полиграфия, тигүү жана текстиль, химия, тамак-аш– татымал (анын ичинен пиво кайнатуу өнүккөн) өнөр жайы ишканалары иштейт. Банк иштери жана соода борбору. ИА жана асем искусство академиясы, университет, музейлер (анын ичинен Бавария улуттук, этногр. жана башкалар), глиптотека (айкелдер топтому), эски жана жаңы пинакотека, театрлар бар.
Мүнхенге 8-кылымдан эл отурукташа баштаган. 1158-жылдан шаар. 13-кылымдан герцог резиденциясы. 1918-жылы чейин Бавариянын борбору болгон. Соңку готика стилиндеги Фрауэнкирхе чиркөөсү (15-кылым), Кудай эне собору (15-кылым), Эски ратуша (15-кылым), барокко стилиндеги Нимфенбург ак сарайы (17–18-кылым) сакталган. 1972-жылы Мүнхенде ХХ олимпия оюндары өткөн. Жыл сайын ярмаркалар жана пиво фестивалдары өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мүнхен, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.