Мунай химиясы ― химия илиминин мунайдан химиялык түрдүү заттарды, материалдарды өндүрүү процесстерин изилдөөчү жанаиштеп чыгуучу тармагы.
Ири молекулалуу бирикмелердин химиясы, химиялык кинетика жана катализ, химиялык технология илимдеринин биригишинен пайда болгон. Мунай химиясынын пайда болуусу жанакалыптанышы мунайдыхимиялык жол мененкайра иштетүүнүн илимий негизин түзгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында ар түрдүү жаңы ыкмалар, методдор жана процесстер пайда болду. Өнөр жайда химиялык продуктуларды өндүрүүнүн өсүшү, отун катары күйүүчү заттарды, майлоочу майларды көп колдонуу баштапкы сырьёлордун булагын табууну талап кылды. Сырьёнун мындай булагы мунай жана мунай продуктулары болгондуктан, илимде, өндүрүштө мунай-химиялык синтези деген жаңы тармак өсүп чыкты. Бул тармактын негизги максаты — мунайды, мунай азыктарын, мунай газдарын комплекстүү түрдө кайра иштетүү. Азыркы учурдагы мунай химиясынын өзгөчөлүгү – бир эле химиялык затты ар түрдүү сырьёдон ар кандай жол менен өндүргөндүгүндө. Бул көп түрдүү синтездөө жолдорунан эң үнөмдүүсүн, ыңгайлуусун тандап алууга мүмкүнчүлүк берет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мунай химиясы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.