Казакстан Республикасынын Мамлекеттик гимни — Казакстандын туусу жана герби сыяктуу эле мамлекеттик символикаларынын бири.
Менiң Қазақстаным | |
---|---|
Менин Казакстаным | |
Сөзүнүн автору | Жүмекен Нажимеденов, 1956 Нурсултан Назарбаев, 2006 |
Композитору | Шамши Калдаяков, 1956 |
Өлкө | Казакстан |
Казакстандын азыркы гимни 2006 жылы 6 январда кабылданды. «Менин Казакстаным» гимн иретинде алгачкы ирет Н.Назарбаевдин инаугурациясы кезинде орундалды. Сөзүн Жүмекен Нажимеденов, Нурсултан Назарбаев, музыкасын Шамши Калдаяков жазган.
Казакстандын бейрасмий гимни аталган Шамши Калдаяковдун "Менин Казакстаным" ырынын тексти аз кем өзгөртүлгөн. Текст автору иретинде Н.Назарбаев өз сунуштарын энгизди. Ал алгач ирет Эл башын улуктоо церемониясы кезинде орундалды.
Казакча | Кыргызча | Орусча | Дунганча |
---|---|---|---|
Алтын күн аспаны, | Алтын күн асманы, | Солнца свет в небесах, | Тянконшон җин тэён, |
1943-жылы Казак ССР алгачкы Мамлекеттик Гимнин жасоого байкоо жарыяланган. Соңку нускасы иретинде Мукан Төлөбаев, Евгений Григорьевич Брусиловский менен Латиф Абдулхай уулу Хамидинин обонуна жазылган А. Таажыбаевдин, К. Мукамедханов, Г. Мүсүрөповдун тексти кабылданды. Кээ бир маалыматтар боюнча ошол гимндин текстинин толук кандуу автору К. Мухамедханов болуп табылат, а башка авторлордун үлөшү текст башындагы «ер қазақ»-тан «біз қазақ»-ка алмаштырганы менен чектелет. Гимн 1945-жылы бекитилди, 1992-жылы жоюлду. Совет доордогу гимндин сөзү коммунистик идеология талабына шай, жалган оптимисттик рухта жазылган эле.
Кыргызча | |
Біз қазақ ежелден еркіндік аңсаған, | Биз казак эзелден эркиндик аңсаган, |
Эркиндик алгандан кийин казактардын бир нече урпактарынын көп кылымдык арманы - азаттык менен зайырлылыкты бейнелейтин жаңы гимн азырлоо кажеттигин тууду.
Ага байланыштуу 1992-жылы Казакстан гимнинин тексти менен ырына конкурс жарыяланды. Комиссия ириктөөсүндө бардыгы 750 жобо келип түштү. Конкурста төрт акындын: Музафар Алимбаев, Кадыр Мырза Али, Туманбай Молдогалиев жана акын Жадыра Дарибаеванын бирлешип жазган тексти жеңишке жетти. Гимн ыры ошол эле обонунда калтырылды, алгачкы авторлору Мукан Төлөбаев, Евгений Брусиловский жана Латиф Хамиди эле.
2006-жылы жаңы Мамлекеттик гимн кабылданды.
Кыргызча | |
Жаралған намыстан қаһарман халықпыз, | Жаралган намыстан каарман калкпыз, |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Менин Казакстаным, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.