Медан – Индонезиядагы шаар.
Суматра аралында жайгашкан. Түндүк Суматра провинциясынын административдик борбору. Суматра аралынын түндүк-чыгышында, Малакка кысыгынын жээгинде жайгашкан. Калкы 1,8 млн (2010; Суматра аралындагы эң ири, калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар; агломерациясы менен 4,4 млн, ири шаарлары: Перчу-Сей-Туан (калкы 408,7 миң), Бинжай (273,0 миң), Пербаунган (220,4 миң). Жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Темир жол аркылуу аралдын түндүгүндөгү шаарлар менен катташат. Медандын деңиз аванпорту – Белаван (жылына 10 млн тонна жүк ташылат; негизинен пальма майы экспортко чыгарылат).
1590-жылы Медан султандыгынын борбору катары негизделген. 1872–1945-жылдары Ост-Индиядагы Нидерланд ээлигинин курамында, 1886-жылдан административдик борбору болгон. 1918-жылдан шаар статусуна ээ. 19–20-кылымдын курулуштары: султан Истана Маймундун ак сарайы (1891), Тжонга Финин тургун жайы (1900), Масжид-Рая мечити (1906; өлкөдөгү эң ири), шаар ратушасы (1908), суу басым мунарасы (1908), почтамт (1909–11), банк имараты (1910) сакталган. Шаардын экономикасында маанилүү орунду тейлөө чөйрөсү ээлейт. Тамеки, тамак-аш (пальма, кокос майы, жемиш консервалоо), текстиль, тигүү, кара металлургия (бир нече электр, болот эритүүчү заводдор; жылына 250 миң тонна), химиялык (накта каучукту иштетет, шина, резина-техникалык буюмдар), фармацевтика, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз өнөр жай ишканалары иштейт. Өлкөнүн илим жана билим очогу. Университеттер (анын ичинде менчик Ислам, Ыйык Фома католик ж. б.) жана университеттердин кампустары, ИИИ (пальма майы) бар.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Медан, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.