Лгбт Укуктары

Лесбияндарга, гейлерге, бисексуалдарга жана трансгендерлерге (ЛГБТ) тиешелүү укуктар өлкөгө жараша абдан айырмаланат — кээ бирилеринде бир жыныстуу нике мыйзамдуу түрдө таанылган болсо, кээ бирилеринде гомосексуалдуулук үчүн өлүм жазасы каралган.

2023-жылдын башына карата дүйнө жүзү боюнча 35 мамлекет бир жыныстуу никени тааныган; мамлекеттик эмес субьекттерди жана сотсуз өлтүрүүлөрдү эсепке албаганда, алты өлкөдө бир жыныстуу сексуалдык аракеттеринде өлүм жазасы каралган. Алардын ичинде экөөсү - Иран жана Ооганстан, өлүм жазасын ишке ашырып келген. Мавританияда, Сауд Арабиясында, Сомалиде (Жубаланд автономиялуу штатында) жана Бириккен Араб Эмирликтеринде өлүм жазасы расмий түрдө мыйзамдуу, бирок колдонулбайт. Орусиянын Чеченстан аймагында ЛГБТ өкүлдөрү сотсуз өлтүрүүлөргө дуушар болушат.

Лгбт Укуктары
Гей жана лесбияндардын бирдей укуктары үчүн күрөштүн символу катары колдонулган 6 түстүү асан-үсөн желеги.

ЛГБТ – лесбиян, гей, бисексуал жана трансгендерди билдирген инициализм. Бул лесбиян, гей, бисексуал же трансгендерлерге гана эмес, гетеросексуалдык эмес же цисгендер эмес болгондорго тиешелүү колчатыр термин катары дагы колдонулушу мүмкүн.

ЛГБТ кыймылы

ЛГБТ кыймылынын максаттары жана идеялары өлкөгө жана заманга жараша өтө ар-түрдүү, жада калса карама-каршы болушат. Ошентип, 70-жылдардын башында АКШда активисттер солчул радикалдык көз караштарды карманып, никени жана аскердик кызматты четке кагышкан, ал эми 21-кылымда ЛГБТ кыймылы консервативдешип, ЛГБТ адамдарга аскердик кызматка тыюу салууну жоюуну жана бир жыныстуу никени мыйзамдаштырууну көздөйт.

Тарыхы

ЛГБТ (Лесбиян, гей, бисексуал жана трансгендер) кыймылы коомдогу ЛГБТ адамдардын укуктарын коргогон коомдук-саясий кыймыл. Анын максаты – жарандык теңчилик, адам укуктарын урматтоо, дискриминацияны жана ксенофобияны жок кылуу, сексуалдык эркиндик жана толеранттуулук. ЛГБТ кыймылынын ар кандай аспектилери өлкөгө жана тарыхый мезгилге жараша бири-биринен олуттуу түрдө айырмаланышы мүмкүн. Алардын кээ бирлери бир жыныстуу нике сыяктуу тең укуктарга көңүл бурушса, башкалары 1960-1970-жылдардагы гейлердин боштондук кыймылындагыдай боштондукка басым жасашат. Алгачкы кыймылдар 1950-жылдардагы гомофилдик кыймыл сыяктуу өзүн-өзүнө жардам көрсөтүүгө жана өзүн-өзү кабыл алууга багытталган. ЛГБТ укуктарын колдогон эң алгачкы уюмдар 20-кылымдын башында түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө уюштурулган ЛГБТ кыймылдары саясий жана маданий активдүүлүктүн кеңири спектрин камтыйт, анын ичинде лобби, көчө жүрүштөрү, социалдык топтор, медиа, искусство жана изилдөө.

Гомофилдик кыймыл (1945–1969)

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дароо эле батыш дүйнөсүндө, Улуу Британияда, Францияда, Германияда, Нидерланддарда, Скандинавия өлкөлөрүндө жана АКШда бир катар гомосексуалдык укук коргоочу топтор пайда болгон же кайра жанданган. Бул топтор, секске эмес, сүйүүгө басым жасап, гомосексуал терминине гомофилдер деген терминди артык көрүшчү.

Гомофилдик кыймыл 1940-жылдардын аягында Нидерланддар жана Данияда башталып, 1950-1960-жылдары Швеция, Норвегия, АКШ, Франция, Улуу Британия жана башка жерлердеги топтор менен уланган. 1969-жылга карата АКШда ондогон гомофилдик уюмдар жана басылмалар жана улуттук уюм түзүлдү. 1965-жылы Филадельфиядагы Индепенденс-холл имаратынын алдында өткөн гейлердин жүрүшү, азыркы ЛГБТ кыймылынын башталышы болгон.

Боштондук кыймылы (1969–1974)

Лгбт Укуктары 
Стоунвол Улуттук эстелиги. 25.07.2016, президент Барак Обама аны улуттук эстелик деп жарыялаган күндүн эртеси.

60-жылдардагы жаңы коомдук кыймылдар, ЛГБТ активисттерин радикалдуу кадамдарга шыктандырды. Бул радикализм 1969-жылдагы Стоунволл тополоңу менен түшүндүрүлөт. Стоунвол тополоңдору - 1969-жылдын 28-июнуна караган түнү Стоунволл-Инн гей-барында башталган полициянын рейдине каршы бир канча күнгө уланган каршылык акциялары.

Стоунволлдогу тополоңунан бир айдан кийин Гейлерди боштондукка чыгаруу фронту (Gay Liberation Front, GLF) түзүлгөн. Лесбияндар жана гейлер жөнүндө ЖМК-ларда басылмалардын саны кескин өсүп, алардын коомдошуу сезимин күчөттү. Америка Кошмо Штаттарынын коомунда гомосексуалдар сыртка чыгып, өлкөнүн бардык шаарларында өздөрүнүн жамааттарын тездик менен өнүктүрө башташты.

1970-жылдан баштап Нью-Йоркто (ошондой эле дүйнө жүзү боюнча көптөгөн шаарларда) жыл сайын Стоунволл тополоңдорунун күнүнө карата жүрүштөр болуп келет. 2000-жылы Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү Стоунвол-Инн улуттук тарыхый эстелик катары жарыялаган.

21-кылым

Лгбт Укуктары 
Нидерланд бир жыныстуу никеге уруксат берген биринчи өлкө.

Нидерланд 2001-жылы бир жыныстуу никеге уруксат берген биринчи өлкө болгон. 2023-жылга карата 35 мамлекет: Нидерланд, Бельгия, Испания, Канада, Түштүк Африка, Норвегия, Швеция, Португалия, Исландия, Аргентина, Дания, Бразилия, Франция, Уругвай, Жаңы Зеландия, Люксембург, АКШ, Ирландия, Колумбия, Финляндия, Мальта, Германия, Австралия, Австрия, Тайвань, Эквадор, Улуу Британия, Коста-Рика, Чили, Швейцария, Словения, Куба, Мексика, Андорра жана Эстония бир жыныстуу никелерди таанышат.

2003-жылы Лоуренс Техаска каршы сот иши боюнча, Америка Кошмо Штаттарынын Жогорку Соту он төрт штатта содомиялык мыйзамдарды жокко чыгарып, бардык 50 штатта макулдашылган гомосексуалдык сексти мыйзамдуу кылды.

БУУнун сексуалдык ориентация жана гендердик иденттүүлүк боюнча декларациясы 2008-жылдын 13-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Баш Ассамблеясында 66 кол топтогон.

2020-жылдын июнь айында Америка Кошмо Штаттарынын Жогорку Соту 1964-жылкы Жарандык укуктар жөнүндө мыйзам гомосексуал, бисексуал жана трансгендер адамдарды жумуш ордунда басмырлоодон коргой алат деп чечкен.

Орусия Федерациясында 2013-жылдын 1-июлунда “салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого” тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Орус саясатчылары мындай мыйзамдардын зарылдыгын балдардын адеп-ахлагын коргоо менен акташат. 2022-жылдын 24-ноябрында Орусиянын парламенти балдар арасында ЛГБТ пропагандасына учурдагы тыюуну кеңейтип, бардык курактагы адамдарга тыюу салган мыйзамды кабыл алган. Жаңы мыйзамга ылайык, гомосексуалдуулукту пропагандалоо аракети деп эсептелген иш-аракеттер чоң айып пул менен жазаланат.

Кыргызстанда ЛГБТ укуктары

Лгбт Укуктары 
2019-жылы ЛГБТ желеги менен сүрөткө түшкөн активист

Кыргызстанда 1998-жылдан бери, совет мыйзамдарынан мурас калган гомосексуалдык мамилелер үчүн кылмыш беренеси жокко чыгарылган. 2014-жылдын 29-январында жарыяланган баяндамасында Human Rights Watch[en] гомосексуалдар менен бисексуалдар кыргыз милициясы тарабынан опузалап, коркутуп-үркүтүүгө, негизсиз камоого, ур-токмокко жана сексуалдык зордук-зомбулукка дуушар болуп жатканын билдирген. Доклад жарыяланган күндүн эртеси Кыргызстандын убактылуу муфтийи Максат ажы Токтомушев гомосексуалдуулукка каршы өлүм жазасына чакырган фатва чыгарды.

Кыргызстандын мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов диний лидерлер өз пикирин айтууга укугу бар болгону менен, алардын сөздөрүнүн коомго тийгизген таасирин эске алуусу керектигин айтты. Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова бул фатва ЛГБТ өкүлдөрүнө карата зордук-зомбулукка түртүшү мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирип, Кыргызстандын Башкы прокуратурасын иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Соңунда фатва Дин башкармалыгынын сайтынан алынып салынып, Токтомушев фатванын тексти элди кимдир-бирөөнү өлтүрүүгө чакырык эместигин айтты.

Кошуча булактар:

"Before Stonewall: Activists for Gay and Lesbian Rights in Historical Context" https://transreads.org/wp-content/uploads/2022/01/2022-01-13_61e06edb3dc7e_BeforeStonewallActivistsforGayandLesbianRightsinHistoricalContextbyVernL.Bulloughed.z-lib.org_.pdf

The Yogyakarta Principles https://yogyakartaprinciples.org/

Адам укуктары боюнча кеңештин резолюциясы - Адам укуктары, сексуалдык ориентация жана гендердик иденттүүлүк (2011-жылдын 17-июнунда кабыл алынган) - A/HRC/RES/17/19 https://undocs.org/Home/Mobile?FinalSymbol=A%252FHRC%252FRES%252F17%252F19&Language=E&DeviceType=Desktop&LangRequested=False

Булактар:

Tags:

Лгбт Укуктары ЛГБТ кыймылыЛгбт Укуктары ТарыхыЛгбт Укуктары Кыргызстанда ЛГБТ укуктарыЛгбт Укуктары Кошуча булактар:Лгбт Укуктары Булактар:Лгбт УкуктарыБириккен Араб ЭмирликтериГейГомосексуалдуулукИранМавританияНикеОоганстанОрусияСауд АрабиясыЧеченстанӨлүм жазасы

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

АныктоочАлмаДабан мамлекетиДен соолукОсмонбеков, АрстаналыДүйнөнүн жети кереметиКыргыз оймолорунун маанисиШамалАкматбекова, СагынОчеркАксонометриялык проекцияларСоветтер Союзунун баатырларыОптикаАрхаизмБагыныңкы сүйлөмАнжиян көтөрүлүшүКыргыздардын улуттук кийимиШарКыргыздын чен бирдиктериФосфорАмерикаБакайБалдардын курак мезгилдериЖусуп АбдрахмановИталияРельефтин жалпы мүнөздөрүПублицистикаСак цивилизациясыКыргызстандын чек араларыМакмал алтын кениТуруктуу сөз айкаштарыЧечендик өнөрГеометрияТиричиликЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыМексикаКыргызстандын географиясыДүйшөнкул ШопоковКыргыз элчиликтериАминдерМанасСын атоочБириккен Улуттар УюмуКүрөшКош бойлуулукЭкстремизмЧагылганЧоң казатШабдан баатырТалас облусуКокон көтөрүлүштөрүРычагКыргыз Республикасынын БаатырыОрмон ханКылмышКызыл китепБиосфераКубанычбек МаликовАскердик антxwyahЖуңгар хандыгыТранспортКыргыз урууларыАлгачкы СоветтерЖеңиш чокусуКыргыз элдик оозеки чыгармаларӨспүрүм балдарРуханий маданиятТелибай тентекГлобалдык көйгөйлөрБөлүкчөҮндүү тыбыштарКыргызстандын геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктарыКокон хандыгыОсмон империясыФилософия🡆 More