Дин

Дин — араб тилинен келген сөз лексикалык жактан: акыбет, жаза, өкүм, саясат, баш ийүү, сыйлык, улут, шарият сыяктуу бир топ маанилерге барып такалат.

Дин
Дин

Илимде

Адамдын жана адамдардын аң-сезиминде, кулк-мүнөзүндө, жүрүм-турумунда, иш-аракеттеринде өзгөчө таасирге ээ рухий көрүнүш; 1) табынуу, сыйынуу объектиси болуп саналган табияттан тышкаркы күчтөргө (Кудайдын кудуретине, арбактарга) берилип ишенүүгө негизделген түшүнүмдөр, ишенимдер, элестер, аң-сезимдер жыйындысы; 2) адам менен Кудайдын (же табияттан тышкаркы күчтөрдүн) ортосундагы мамилелер системасы, санжабы; 3) ишенимдердин, таатибадаттардын, табынуу-сыйынуулардын маңызын билдирген жалпы атамасы.

Теологияда

Кудайды аңдап билүүгө, анын чексиз улуу кудуретине терең ынаным менен таанууга алып баруучу бирден бир жол; адамзат түзгөн илим-билим түрлөрүнүн эч бири Кудайды аңдоого, анын кудуретин таанууга жана түшүнүүгө жөндөмсүз делет.

Атеизмде

Бир же бир нече кудай бар, табияттан тышкары кереметтүү илимге кайып күчтөр бар деген ишенимге таянган көз караштардын, сезим-туюмдардын, ырым-жырымдардын, каада-салттардын жыйындысы. Дин түшүнүгүнө диний мекемелер (мечит, чиркөө, буткана жана башка) жана диний кызматкерлер (бакшы, поп, молдо жана башка) да кирет. Анын белгиси реалдуу дүйнөдөн тышкары сырдуу күчтөр бар экенине, аңдабастан, сокур ынануу; табияттагы же коомдогу кадыресе эле көрүнүштөрдүн, кубулуштардын, байланыштардын, мыйзамченемдердин аңсезимде укмуштанып, теңирден тескери чагылышы («адамдардын башында, алардын күнүмдүк турмушунда үстөмдүк кылган сырткы күчтөрдүн фантастикалык чагылуусу жердеги күчтөр, жердик эмес формага ээ болгон чагылуу» Ф. Энгельс). Диндин тарыхта белгилүү алгачкы түрлөрү: магия, тотемизм, фетишизм, анимизм дагы ушул сыяктуу. Тарыхый өнүгүү формалары: уруулук, улуттук-мамлекеттик (этностук), дүйнөлүк (буддизм, христиан, ислам).

Колдонулган адабияттар

Tags:

Дин ИлимдеДин ТеологиядаДин АтеизмдеДин Колдонулган адабияттарДин

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Шүкүрбеков РайканМанастын сунушу боюнча кыргыздардын өз жерине көчүп келгениТеңир-ТооСуу, суутек оксидиКутурмаТамгаКыргызстан тарыхыРоботСалижан ШариповЖоон үндүүлөрМамлекеттик бюджетБиринчи жардамСырдык сөзАк кеме (чыгарма)МекенчилдикАйыл чарбаПилЖер титирөөКаада-салтАкынДезоксирибонуклеин кислотасыЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыТарбияМанап бийКүкүрт кислотасыТуз (химия)Алай өрөөнүТукум куума ооруларИч көбүү (метеоризм)СелӨпкөнүн сезгенишиЧолпонИтТурусбеков ЖусупЖыйырма сомЭволюцияКесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөрЧагылганЭмгекМухаммед кыргызВ тобундагы витаминдерҮч бурчтукЖайСкелетУран (планета)БеларусьЗат атоочАк куйруктуу суу бүркүтЖетимишев СейитКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиКислотаЫсык-Көл ойдуңуЦунамиВирустуу гепатитКөк бөрү“Алтын кыз” (драма)Акча бирдигиМамлекетЧакчылБишкекАлександр МакедонскийАдеп тарбиясыНаймандарЖалал-АбадМенеджментЭмгек келишимиДеңиз деңгээлиПланетаКөзОсмонкул БөлөбалаевУюлдук телефонКалп(адабият)Кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетиСын атоочУлуттук эсепУлуу Ата-Мекендик согуш🡆 More