Күйүү – жылуулук жана жарык бөлүп чыгаруу менен тез жүрүүчү хим.
процесс. К. экзотермиялык окистенүү реакциялары жана тез өтүүчү бардык хим. процесстер, о. эле жарылгыч заттардын, озондун ажырашы, көпчүлүк заттын фтор, хлор менен кошулушу ж.б. кирет. К. процессиндеги окистендиргичтер: кычкылтек, озон, пероксиддер, нитробирикмелер, азот оксиддери, галогендер. окистендиргичтер менен реакцияга кирген К. заттар: көпүчүлүк металлдар, күкүрт, суутек сульфиди көмүртек оксиди, суутек, орг. заттар. Реакция өз алдынча ылдамдануусу жалбырттоону пайда кылат; белгилүү бир көлөмдө сырткы энергиянын таасирине реакция ылдамданышы от алууну алып келет; Гомогендик К.-реагенттер молекулярдык деңгээлдеги аралашуусунда өтөт, ал эми гетерогендик болсо реагенттер тийишүү бетинде жүргөн процесс. Мис. суюк отун буусунун абадагы кычкылтек менен окистенүүсү гетерогендик процесс. К. процесстеринин продуктулары – газ жана конденсацияланган заттар болушу мүмкүн. Күйүү процесси хим. жаратылышы ар түрдүү- кычкылтек таасири менен К., кычкылтексиз К. процесси, мис., ацетилен ажыроосу, жарылуучу заттар, бир компоненттүү реактивдүү отундар, металлда хлордоо, фторлоо, азоттоштуруу жана суутектештирүү процесстери; түздөн түз элементтер карбидин, боридин, силицидин синтездөө.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Күйүү, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.