Кунг-фу панда (англ. Kung Fu Panda) - 2008-жылы DreamWorks Animation өндүргөн жана компүтерде анимацияланган америкалык комедиялуу экшн уруш тасма.
Тасманын режиссёрлору: Жон Стивенсон жана Марк Озборн. Ал эми үн коштогондор: Жэк Блек, Дастин Хофмэн, Анжелина Жоли, Йан Макшейн, Сет Роген, Люси Лю, Дэвид Кросс, Рендал Дак Ким, Жеймс Хоң жана Жеки Чан. Тасмадагы окуя сүйлөй алган жаныбарлар жашаган байыркы Кытайды чагылдыруу менен, анын баш каарманы олдоксон Понун Кун-фу боюнча чебер болууга умтулуусун баяндайт. Жыйырма жыл түрмөдө отурган каардуу Кун-фу жоокеринин абактан качып кеткендигин уккан Пого, аны туткунга алып жана мекенине тынчтыкты алып келүү тапшырмасы берилет.
Тасманын экинчи чыгарылышы "Кун-фу панда 2" 2011-жылы, 26-майда жана ошол эле жылы "Кун-фу панда: Таң калыштуу окуялар" аттуу сериалдар да чыгарылган. "Кун-фу панда 3" атту кийинки чыгарылыш 2016-жылы, 29-январда чыккан.
"Кун-фу панда" алгачкы жолу 2008-жылы, 6-июнда Кошмо Штаттарда көрсөтүлгөн. Тасма чыккандан кийин киносынчыларынын жылуу пикирлерине арзыган "Кун-фу панда" алгачкы көрсөтүү күнүндө 20.3 миллион АКШ долларын тапкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кунг-Фу панда, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.