Сүйлөө — адамдардын өз ара катнашуу куралы катары жогорку нерв ишинин жардамы менен пайда болгон кишиге гана таандык өзгөчө аракети.
Кишилер айлана-чөйрөдөгү буюмдарды, кубулуштарды түздөн-түз, сезүү органдарынын жардамы жана сөз аркылуу кабыл алат. Сүйлөө ар бир жекече адамга таандык болуп, айлана-чөйрөгө байланыштуу өзүнчө тил болуп жаралат жана өнүгөт, өсөт. Тил аркылуу адамдын ою, пикири сүйлөө түрүндө берилет. Ар бир сөздүн сүйлөө тартиби, мааниси, кооздугу, үнү, ылдамдыгы жеке адамдын сүйлөөсүнө байланыштуу болот. Сүйлөөнүн негизги мааниси анын түшүнүктүү жана тил менен байланыштуу айтылышында. Тил адамдын кылымдардан келе жаткан сөздөрүнүн тажрыйбасын корутундулайт. Бул тажрыйба элдин тарыхый өсүшүнүн, адамзаттын эмгегинин негизинде пайда болот. Сүйлөөнүн негизги функциясы пикир алмашуу, ойлонуу жана корутундулоо болуп саналат. Сүйлөө сырткы (кадимки сүйлөө) жана ички болуп бөлүнөт. Кадимки сүйлөө кишилер өз ара катнашуу максатын көздөгөндүктөн даана, так, түшүнүктүү айтылууга тийиш. Ал пикир алмашуудан башка дагы көп милдеттерди аткара алат. Ички сүйлөө адамдын тигил же бул маселе жөнүндө өзү менен өзү пикирлешүүсү болуп, аң-сезим, ой жүгүртүүдө мааниси чоң. Ал айтылбайт жана жазылбайт. Ички сүйлөөдө тил каражаттары менен катар көмөкчү каражаттар (элестер, схемалар, образдар жана башкалар) да колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сүйлөө, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.