Крамской, Иван Николаевич (1837–1887) – орус живописчиси жана сүрөт сынчысы.
1860–80-жылдардагы сүрөт боюнча орус демократчыл кыймылынын идеялык жетекчиси. 1857–63-ж. Петербург сүрөт академиясында окуган. К-дун демократчыл көз караштары ал тарткан карапайым дыйкандардан портреттеринен ачык көрүнөт (мисалы, “Мина Моисеев”, 1882, Орус музейи, Ленинград; “Жүгөн кармаган дыйкан”, 1883, Киевдеги орус искусствосунун музейи). К-дун негизги чыгармасы – “Христос чөлдө” (1872, Третьяков галереясы). Анда художник Христоско адамдык сапат берип биринчи планга философиялык-моралдык мазмунду алып чыккан; образдын идеялык-көркөмдүк маанисин кеңейтүүгө умтулуп, К. тематикалык картина менен портреттин чегиндеги чыгарма жараткан. К-дун белгилүү сүрөттөрү “Некрасов “Акыркы ырларынын” мезгилинде”, 1877–78; “Бейтааныш аял”, 1883; “Чеги жок кайгы”, 1884; баары Третьяков галереясы). К-дун көркөм чыгармачылыгы жана сын эмгектери Россиядагы XIX кылымдын аягындагы демократчыл искусство менен көркөм ой-пикирлердин өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Крамской, Иван Николаевич, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.