Колбаса

Колбаса - негизинен эттен даярдалуучу азык.

Бышырылган, чала ышталып сүрсүтүлгөн, ич эттен жасалган Колбаса жана зельц болуп айырмаланат. Колбаса даярдоодогу негизги сырьё - уй, чочко, кой, жылкы, куш эти, ошондой эле ич эт (боор, жүрөк, бөйрөк, өпкө, карын), тил, мээ, кан жана башкалар да пайдаланылат. Колбасадагы белокту көбөйтүү үчүн азыктык кан плазмасы, ынак жана көк сүт, сүт белогу, жумуртка кошулат. Даамын жакшыртууда кант, татымал заттар (калемпир, мурч, сарымсак, бадам, мускат жаңгагы жана башкалар), эттин кызыл өңүн сактоо максатында натрий нитрити кошулат. Белгилүү формага келтирип, сырткы таасирден сактоо үчүн сыртынан ичеги же жасалма полимер плёнка менен капталат. Колбаса жасоодо эт сөөгүнөн ажыратылып, тарамыш, берчтери алынат. Уй, кой этинен майы ажыратылып, тоңбос чочко майы кошумчаланат. Колбаса бышырылган, чала ышталган, ышталган, ышталып бышырылган жана башкалар болуп айырмаланат. Бышырылган, чала ышталып сүрсүтүлгөн Колбаса үчүн эт майдалагычтан өткөрүлүп, туз, натрий нитрити, кант кошулуп аралаштырылып, 3-5°С де 2-3 күн кармалат. Ышталган Колбаса жасоодо кесек эт 5-7 күн туздалат. Рецептурага ылайык эт майда тууралып (фарш), ичегиге салынат да, ныкталыш үчүн 2-3 с (бышырылган К.) же 4- 6 с (чала сүрсүтүлгөн Колбаса) илинип коюлат. Колбаса 70-90°С температурада түтүн газында ышталып, камерада же казанда Колбасанын ички температурасы 68°С болгончо бышырылат да, 10-12°Сге чейин муздатылат. Чала ышталган Колбаса бышыргандан, чийки ышталуучу К. ныкталгандан кийин ыштагыч камерада илинип, ысык (32-43°Сде 1-2 күн) же муздак (18-23°Сде 4-5 күн) ышталат. Азыр Колбасанын 200дөн ашык түрү даярдалат.

Колбаса
Колбаса.

Колдонулган адабияттар

Tags:

БоорЖүрөкКарын

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Окутуу методуМамлекеттик бюджетКөкө уулу ЖеңижокКычкылтекДүйнөнүн жети кереметиКошожашКомпьютердик графика –Жунгар хандыгыЛатын АмерикасыИшкердикЭкологиялык факторлорЖогорку окуу жайыБөйрөк ишинин начарлашыАлмамбетТоктогул ырчыДаван мамлекетиКыргызстандын дары сууларыTik TokКыргызстан тарыхыЖай мезгилиСинтетикалык каучукКеңеш Жусупов1916-жылдагы тарыхый трагедиянын кыргыз адамынын дүйнө таанымына, көз карашына тийгизген таасириСөз айкашыСтамов АсанбекМанас КүмбөзүКосмосБаяндамаШах Фазил күмбөзүТатаал сөздөрАлай тоо кыркасыЧүкө оюндарыМутациялык селекцияВирусКислотаЛазерБагынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөмКоомКыргыз адабиятыТукум куугучтукШатман СадыбакасовАндрон маданияты«Букара» биримдигиАлаш (партия)ЖүрөкКорукАрхаизмАлгачкы коомКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыЭмгек рыногуАлымбек даткаТоктоболот АбдумомуновСак уруусуБанкӨзбекстанКөмүртекКүч (механикада)Кытай кыргыздарыЛексикологияБайыркы РимКеңештер БирлигиЖеңиш чокусуКедейкан (эпос)ЖамгырУлуттук эсепАлюминийБашкы баракЛюдвиг ван БетховенАлмаКутадгу билигАбстрактуу түшүнүкКыргыз сомуЫсык-Көл мамлекеттик коругуjvrkk«Манас» эпосунун жаралышы жана анын дооруТамак сиңирүү системасыСаспаев Аман🡆 More