Йорубалар - Түштүк Нигериянын негизги калкы.
Ошондой эле Нигериянын батышы жана түштүк-батышында, Бенинде, Гананын түштүк чыгышында, Тогодо да жашашат. Жалпы саны 26, 2 млн киши (1998). Нигер-конго тилдер тобундагы йоруба тилинде сүйлөшөт. Йорубалар христиан (протестант, англикан, баптист) жана ислам (мусулмансуннит) динин тутушат. Йорубалардын түпкү теги жөнүндө маалыматтар өтө аз. Йорубалардын этностук негизин азиялыктар же египеттиктер түзгөн деген божомолдор бар. Йорубалар дыйканчылык, балыкчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишип, дубалы жыгачтан тургузулуп, ылай менен шыбалган, чатыры саман, пальма жалбырагы же одуракай темирден эки же төрт кырлуу жабылган үйлөрдө жашашкан. Йорубалар бөздөн тигилип, саймаланган кийимдерди кеңири баалашат. Тамак-ашы негизинен дан, эт, балык жана жашылча азыктарынан даярдалып, ямс, банан, маниок, батат, коон, нан дарагынын мөмөсү, сорго көбүрөөк колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Йорубалар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.