Инаугурация (Башчынын милдет башталыш) - (англиялык inauguration, лат.
inagurо жарык кылуу, арноо, ардактоо, түшүнүктүү кылуу) – бир катар өлкөлөрдө жаңы же кайра шайланган мамлекет башчысынын кызматына киришүү алдында өткөрүлгөн салтанаттуу ант берүү аземи. Парламент алдында президенттин ант берүүсү (конституцияга, айрым өлкөлөрдө Библияга же Куранга) инаугурациянын өзөктүү моменти, конституциялык маанидеги акт болуп эсептелет. Ант бергенден кийин президент кызматына киришти деп табылат. Кыргызстанда алгачкы инаугурация 1990-ж. А. Акаев, акыркы жолу 2010-ж. Р. Отунбаева Президент болуп шайлангандан кийин өткөзүлгөн. КР Президенти Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Конституциялык, КР Жогорку сотторунун судьялары, Өкмөт мүчөлөрү, КРдин Президентинин администрациясы жана КРдин Өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, облустук, райондук мамлекеттик администрация жетекчилери, борбордук, мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалардын жана коомдук уюмдардын, коомдук палатанын жана КР калкынын ассамблея жетекчилери, дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, элдик партия өкүлдөрүнүн, ошондой эле жалпы элдин алдында оң колун КРдин Конституциясына коюп, Кыргызстандын элине ак ниеттен кызмат кылууга салтанаттуу түрдө ант берген соң, мамлекет башчысына КР Президентинин күбөлүгү жана моюнга илме чынжырлуу лента белгиси тапшырылат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Инаугурация, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.