Жыныстык жол менен берилүүчү инфекциялар (ЖЖБИ) — бул адамдан адамга, негизинен жыныстык байланыш аркылуу жугуучу инфекциялар.
Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар ата мекендик медицинада венерикалык оорулар тобуна киргизилген. Жыныстык жол менен жуккан 30дан ашуун ар кандай бактериялар, вирустар жана мителер бар. Жыныстык жол менен эң көп тараган оорулар: гонорея, хламидиялык инфекция, сифилис, трихомоноз, шанкр, жыныс герпеси, жыныс органдарынын папилломалары, адамдын иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) жана В гепатит инфекциясы.
ЖЖБИ жыныстык катнаш аркылуу, анын ичинде вагиналдык, аналдык жана оралдык секс аркылуу тарайт. Мындан тышкары, бир катар ЖЖБИ кан же кан азыктары аркылуу дагы жугат. Көпчүлүк ЖЖБИ, анын ичинде хламидиоз, гонорея жана негизинен гепатит В, КИВ жана сифилис кош бойлуулук жана төрөт учурунда энеден балага жугушу мүмкүн.
ЖЖБИнин көпчүлүгү эч кандай жышаандарсыз же жеңил жышаандар менен коштолгондуктан, ЖЖБИ байкалбай калышы мүмкүн.
Айрым учурларда ЖЖБИ бул инфекциянын түздөн-түз таасиринен тышкары туум улоо саламаттыгына дагы кесепеттерин тийгизиши мүмкүн (мисалы, тукумсуздук же энеден балага жугуу). ЖЖБИнин энеден балага жугушу түйүлдүктүн өлүү төрөлүшүнө, жаңы төрөлгөн балдардын өлүмүнө, наристенин төмөн салмак менен жана эрте төрөлүүсүнө, сепсиске, пневмонияга, жаңы төрөлгөн балдардын конъюнктивитине жана тубаса аномалияларга алып келиши мүмкүн.
ЖЖБИ айкын жышаандары байкалбай эле өөрчүй бериши мүмкүн. Мындай оорулардын жалпы жышаандарына төмөнкүлөр кирет:
Кеңеш берүү жана жүрүм-турумду өзгөртүүгө багытталган иш-чаралар ЖЖБИнин (КИВдин да), ошондой эле күтүлбөгөн кош бойлуулуктун алдын алуунун негизги жолу болуп саналат. Буга төмөнкүлөр камтылат:
Мындан тышкары, кеңеш берүү адамдарды ЖЖБИнин жышаандарын таанууга жана алардын өздөрүн же жыныстык өнөктөштөрүн медициналык жардамга кайрылуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Презервативди туура жана ырааттуу колдонуу ЖЖБИден, анын ичинде КИВден сактануунун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири болуп саналат. Бирок алар денени толугу менен сактабагандыктан, тери менен жыныстык эмес физикалык байланышта болгон учурда жугуучу ЖЖБИден (мисалы, герпес, венерикалык сөөл, сифилис, бит жана котур сыяктуу) толугу менен коргой албайт.
Коопсуз секс ЖЖБИ алдын алат
Коопсуз секс – жыныстык жол менен жугуучу ооруларды, айрыкча ВИЧти жуктуруу же жугузуп алуу тобокелдигин азайтуу үчүн ар кандай ыкмаларды же каражаттарды (мисалы, презервативди) колдонгон сексуалдык активдүүлүк.
Социалдык факторлор:
Коопсуз жыныстык катнашка эмне тоскоол болот:
ЖЖБИни диагноздоого төмөнкүлөр кирет:
TORCH инфекциясын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү пландаштырылган кош бойлуулуктан 2-3 ай мурун жүргүзүү туура болот. Бул тиешелүү дарылоону жүргүзүүгө жана алдын алуу чараларын көрүүгө мүмкүндүк берет.
Материалдарды чогултуу ыңгайсыздыкты жаратпайт жана аз гана убакытка созулат.
Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын скрининги (текшерилиши) Кыргызстандагы көптөгөн медициналык лабораториялардын белгилүү анализдер топтомуна киргизилген.
Азыркы мезгилде айрым ЖЖБИ натыйжалуу дарылоо ыкмалары бар.
Айрым ЖЖБИнин алдын алуучу биомедициналык иш-чараларга чоӊ эркектердин сүннөткө отургузулушу кирет.
Жоопкерчилик
Кыргызстанда адамдын иммундук жетишсиздик вирусун же адам өмүрүнө кооптуу болгон башка айыккыс жугуштуу ооруну жуктуруу кылмыш жоопкерчилиги катары каралат. Андай адамдар түзөтүү жумуштары менен жазаланып, айып пул салынат жана үч айдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.[3]
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.