Достук бериллий кени Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин т.
ж. бекетинен 49 км түндүктө, Курусай жана Достуксай сууларынын аралыгында, деңиз деңгээлинен 2250–2450 м бийиктикте. 1961–65-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы девон мезгилинин терриген-жанартоо тектеринен түзүлгөн. Аларды жогорку пермдин лейкократтуу субжегичтүү граниттери жиреп чыккан. Руда тулкулары, фенакит жана берилл минералдары менен флюорит метасоматитинен түзүлүп, түндүк-батыш жана түндүк-чыгыш тарапка созулган талкаланган зоналарда жайгашкан. Руда тулкуларынын узундугу 20–500 м, калыңдыгы 0,1 мден 13,5 мге чейин. Бериллий кычкылыныкы орточо өлчөмү 0,113%. Руданын болжол ресурсу – 7604,5 миң т, бериллий кычкылыныкы – 8625 т.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Достук бериллий кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.