Деңиз толкундары – кокусунан болуп туруучу күчтөрдүн (абанын басымы, шамал, жанар тоолордун атылышы, суу астындагы жер титирөө, деңиз кемелеринин жүрүшү) же Күн жана Айдын суу ташкынын пайда кылуучу тартуу күчүнүн таасири менен океан, деңиздердеги суунун термелүү кыймылы.
Толкундар суу бетинде биринин артынан бири төө өркөч болуп кыймылдайт. Толкундун эң төмөнкү бөлүгү негизги, эң жогорку чекити, кыры, кырынан негизине чейинки аралык анын бийиктиги, эки толкундун ортосу узундугу, ал эми толкундун узундугуна барабар аралыкты өтүүгө кеткен убакыт анын мезгили, белгилүү убакыт бирдигинде (сек) өткөн аралык толкундун ылдамдыгы деп аталат. Деңиз толкундарынын көлөмү ар түрдүү: кээде анын бийиктиги 13–15 м, деңиз титирегенде 50 м, таралыш ылдамдыгы 14–15 м/секга, узундугу 400 мге чейин жетет. Таасир эткен күчтөргө карата толкундар шамал, ташкын, сейсмдик, басымдык деңиз толкундары; ээлеген абалына карай үстүнкү жана тереңдиктеги деңиз толкундары; толкун узундугунун деңиздин тереңдигине болгон катышы боюнча узун жана кыска деңиз толкундары; таасир эткен салыштырма күчтөргө жараша аргасыз жана эркин деңиз толкундарына бөлүнөт. Формасы жана аянты боюнча туура жана туура эмес, умтулган жана ордунда турган деңиз толкундары болот. Толкундарды изилдөө атайы куралдардын, приборлордун (мореграф жана башка) жардамы менен кемеде, деңиз жээктеринде жүргүзүлөт. Кээ бир өлкөлөрдө толкундардын кубатына негизделген электр станциялары курулган. Дүйнөдө сейши, цунами өңдүү күчтүү толкундар болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Деңиз толкундары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.