Гитара (испанча guitarra – кифара) – кылдуу чертме музыкалык аспап.
Гитаранын негизги бөлүктөрү: алмурут сымал алды-үстү капкакталган чара, үстүңкү капкагына добуш жаңыртуучу тешик, беренелүү моюн, моюндун башында кыл толгоочу бир нече кулак жайгаштырылган. Адегенде ичеги кыл тагышкан, кийин металл жана нейлон кыл тагып калышкан. Гитара жөнүндөгү алгачкы маалыматтар 14–15-кылымдардагы булактарда кездешет. Испанияда 4 жуп кылдуусу пайда болгон. 17-кылымда испан гитарасы деген ат менен Америкага тараган. 18-кылымдан бир жуп кылы алынып, 6 кылдуу гитара кеңири тарайт. 7 кылдуусу орус гитарасы деген ат менен 18-кылымдын 2-жарымынан тарта белгилүү. Гитаранын тизеге коюп электр (медиатор) менен ойноочу гавайя түрү (20-кылым), оркестр жана жаз гитарасы бар. Өркүндөтүлгөн электр гитаралары азыр кеңири колдонулат. Гитара Кыргызстанда да тараган. Кыргыз гитарачысы Д. Назарматов элдик бир нече обон-күүнү гитарага ылайыкташтырып иштеп чыккан, «Гитара күүлөрү», «Гитарада ойноо» аттуу китептерди жазган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Гитара, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.