Свами Вивекананда (бенг.
স্বামী বিবেকানন্দ, хинди स्वामी विवेकानन्द; төрөлгөндө берилген аты — Нарендрана́тх Да́тта; 12 январь 1863, Калькутта, Бенгалия—4 июль 1902, Калькуттага жакын Белур чиркөөсү) – Индияда гана эмес, Америка, Азия жана Европа өлкөлөрүндө индиузмдин реформаланган формасын пропагандалоого активдүү катышкан ойчул, диний реформатор жана коомдук ишмер.
Толук аты-жөнү | Свами Вивекананда |
---|---|
Төрөлгөн | 12.01.1863 Калькутта, Индия |
Көз жумган | 4.07.1902 Калькуттага жакын Белур чиркөөсү, Индия |
Рамакришнанын активдүү тарапкери катарында, ал 1897-ж. «Рамакришнанын миссиясы» деп аталган диний-реформатордук коомду уюштуруп, аны Индияда динди жандандыруунун борборуна айландырган. Вивекананда адамзатты «куткаруунун» жалгыз каражаты катарында коомдун, өткөндүн рухий-диний тажрыйбасына кайрылуу деп эсептеген. Ал айрыкча Индия элинин улуттук үрп-адатына, салт-санаасына чоң маани берген.
Вивекананда индиузмдин философиялык негизи болуп веданта деп эсептеп, аны Европалык философияга жакындаштырууга аракеттенген. Азыркы коом, Вивекананданын ою боюнча – «вайшьевдин» өкүмчүлүгү, ал эми келечеги болсо «шудранын өкүмчүлүгү» болуп, сословиелерди элдештирүүсүн үгүттөгөн
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Вивекананда, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.