Буу машинасы – суу буусунун потенциалдык энергиясын механикалык энергияга айландыруучу поршендүү жылуулук кыймылдаткыч.
Буу машинасы менен да буу казанынан келүүчү суу буусунун энергиясы поршендин алга-артка жүрүү кыймылын же валдын айлануу кыймылын пайда кылат. Цилиндрдин ичиндеги поршень, анда 2 көңдөй көлөмдү пайда кылып, алардын биринде буу кысылат, экинчисинде буу кеңейет. Кысылган буу поршенди жылдырып, ага бекитилген шатун аркылуу машинаны кыймылга келтирет. Буу машинасы туруктуу жана көчмө түрүндө болуп, пайдаланылган бууга жараша төмөнкү (12 кг/см2ге чейин), орто (60 кг/см2ге чейин) жана жогорку басымдуу (60 кг/см2ден ашык); валынын айлануу саны боюнча жай (50 айл./минга чейин) жана тез жүрүүчү; чыгарылуучу буунун басымына карата конденсациялуу жана атылып чыкма; цилиндринин жайгашканына карата горизонталдык, жантык жана вертикалдык; цилиндринин саны боюнча бир жана көп цилиндрлүү деп бөлүнөт. Буу машинасы суу жана темир жол транспортунда, кант заводдорунда, ширеңке, текстиль жана кагаз фабрикаларында колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Буу машинасы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.