Жылуулук кыймылдаткычы - жылуулук энергиясын механикалык жумушка айландыруучу курал.
Жылуулук кыймылдаткычы табигый энергетикалык ресурстарды химиялык же ядролук күйүүчү отун катары пайдаланат. Жылуулук кыймылдаткычы термодинамикалык п. а. к. аркылуу аныкталат. Жумушчу термодинамикалык процесстерди аткаруучу машиналардын түрү боюнча жылуулук кыймылдаткычы поршендүү, ротордуу жана реактивдүү кыймылдаткычтар болуп бөлүнөт. Ошондой эле аралашкан түрлөрү дагы колдонулат, мисалы, турборе активдүү жана Ванкель кыймылдаткычтары. Жылуулук кыймылдаткычы ысытуучу жылуулукту алып келүү ыкмасы боюнча ичинен жана тышынан күйүүчү кыймылдаткычтар болуп да бөлүнөт. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычта күйүүчү майдын күйүү процесси жана андан чыккан жылуулуктун механикалык жумушка айланышы бир эле жумушчу көңдөйдө (цилиндрде) жүрөт; ал эми сыртынан күйүүчү кыймылдаткычта бул процесстер тышта, атайын түзүлүштө ишке ашырылат (мисалы, Стирлинг кыймылдаткычы, буу машинасы). Жылуулук кыймылдаткычынын чыныгы жумушу,башкача айтканда натыйжалуу п. а. к. анын чыгуучу валындагы механикалык жумуштун жалпы жылуулук кубатына болгон катышы. Жылуулук кыймылдаткычынын натыйжалуу п. а. к. 0,10,6 чегинде өзгөрүп турат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жылуулук кыймылдаткычы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.