Питер Джин Эрнандес (Бруно Марс) - ( 8 октябрь, 1985- жылы туулган),Bruno Mars лакап аты менен белгилүү.
Америка Кошмо Штаттарынын ырчысы, ырлардын автору жана музыкалык продюсер. Грэмми (Grammy) сыйлыгынын ээси, B.o.B "Nothin' on You" жана Трэвис Маккойдун "Миллиардер" (Billionaire) аттуу ырларды бирге жаздыруу менен атактуу болгон. Бруно Марс "Right Round" Флоу Райдын, "Желекти желбиретүү" (Wavin’ Flag) K’naanдын жана Cee Lo Greenдин "Унутам сени" (Forget You) аттуу ырларынын биргелешип жазган автору. 2010- жылы октябрь айында Billboard 200дө 3-орунга илинип, "Doo-Wops & Hooligans" альбомунун бет ачары болгон. 2011- жылдын 13- февралында өткөн 53 - “Грэмми” (Grammy Awards) аземинде, Бруно Марс 7 номинацияга көрсөтүлүп, "Just the Way You Are" аттуу ырына “вокалдуу поп аткаруунун эң мыкты ырчы мырзазы” сыйлыгынын ээси болгон.
Бруно Марс | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Питер Джин Эрнандес |
Туулган жылы: | 1985-жыл, 8-октябрь |
Туулган жери: | Вайкики, Гонолулу, Гавайи |
Өлкө: | АКШ |
Ишмердүүлүгү: | Жеке аткаруучу |
Питер Джин Эрнандес Гонолулу (Гавайи) районунун, Вайкики жергесинде, пуэрторикалык жана филиппиндик тамырлары бар үй-бүлөдө өсүп чоңойгон. Эки жашында,тегерек бетүү болгондуктан атактуу кол күрөшчү (рестлер) Бруно Саммартинонун атынан, аны “Бруно” деп аташкан. Баланын ата-энеси музыка менен алектенчү, ошондуктан, ал музыканын ар кандай түрлөрүнөн таасирленген. Мисылы: регги, рок, хип-хоп жана R&B. Өспүрүм кезинен эле Майкл Джексондун, Элвис Пресли, The Isley Brothers жана The Temptations аттуу ырчылардын чыгармачылыгына кызыкчу. 1990-жылы Бруно Марс MidWeekте “Кичинекей Элвис” ролу жана “Лас-Вегаста бал айы” 1992 (Honeymoon in Vegas) аттуу тасмада эпизодук ролу менен чыккан. 2003-жылы Марс, музыка менен иштегенге Лос-Анджелеске көчкөн. Ошол эле жылы өзүнө сахна атын ойлоп тапкан. 2006-жылы Бруно Марс Атлантик рекордс (Atlantic Records) лейбли менен келишим түзгөн. Алгачкы учурда, Бруно башка аткаруучуларга ыр жазып берүү жана продюсерлик менен алектенген.
Атактуу жалгыз (соло) ырчы боло электе, Бруно Марс Александра Бёрк, Треви Маккой, Адам Левайн, Брэнди, Шон Кингстона, Флоу Райд жана Sugababes ырларынын автору. Анын биринчи музыкалык аткаруучу катары чыкканы "Far East Movement" тобунун, "Animal" альбому болгон. Атак-даңк B.o.Bнин "Nothin' on You" жана Трэвис Маккойдун "Billionaire" аттуу ырларынын биргелешкен автору жана аткаруучусу болгондуктан келген. 2010-жылы 12-сентябрда MTV музыкалык видео аземинеде (MTV Video Music Awards) , B.o.B жана Хэйли Уильямс менен "Airplanes" чыгармасын аткарган. Бруно Марстын дебюттук альбому "Doo-Wops & Hooligans" 2010-жылдын, 4- октябрында бет ачары болгон. Алгачкы ыры (сингл) "Just the Way You Are" 2010-жылдын, 19-июльда чыккан жана ал ыры Billboard Hot 100дүн башында турган. Кийинки ырлары "Liquor Store Blues" жана "Grenade"(граната)болгон.
Жылы | Аталышы | Сыйлык | Категория | Натыйжасы |
---|---|---|---|---|
2010 | «Nothin' on You» | BET Awards | Эң мыкты биргелешип аткаруу | ном |
Жылдын видеосу | ном | |||
BET Hip Hop Awards | Мыкты хип-хоп видео | ном | ||
Reese’s Perfect Combo Award | ном | |||
Verizon People’s Champ Award | ном | |||
MTV Video Music Awards,MTV Музыкалык видео сыйлыгы | Мыкты поп видео | ном | ||
MTV2 Sucker Free Summit Awards | Классика | ном | ||
Soul Train Music Awards | Жылдын ыры | уткан | ||
Teen Choice Awards,Өспүрүмдөрдүн тандоо сыйлыгы | Эң мыкты ыр | ном | ||
2011 | 53-«Грэмми» аземи | Мыкты реп | ном | |
Мыкты реп/Мыкты бирге аткарган ыр | ном | |||
«Грэмми» эң мыкты жаздыралгын жылдын ыры үчүн сыйлыгы | ном | |||
«Fuck You!» | ном | |||
Жылдын ыры | ном | |||
«Just the Way You Are» | Вокалдуу попту эң мыкты аткарган мырза | уткан | ||
The Smeezingtons | Жылдын продюсери | ном |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Бруно Марс, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.