Балкан Жарым Аралы

Балкан жарым аралы - Европанын түштүгүндө.

Болгария, Албания, Грециянын көп бөлүгү, Түркиянын европалык бөлүгү (Фракия) жана Румыниянын түштүк райондору, Түндүк Македония, Босния жана Герцеговина, Словения, Сербия жана Черногория, Хорватия жайгашкан. Аянты 505 миң км2дей. Жер ортолук деңизге 950 км кирип турат. Адриатика, Иония, Эгей, Мрамор, Кара деңиздери менен чулганат. Батыш жээктери булуң-буйткалуу, тик жана аскалуу, чыгышы жапыз, түз. Грекияда Пелопоннес жана Халкидики ири жарым арал бар. Адрия жана Эгей деңиздеринин жээктеринде аралдар көп. Аймагынын көбүн анча бийик эмес Динара, Пинд, Серб тайпак тоолору, Стара-Планина, Родопи ж. б. тоолор ээлейт. Эң бийик жери 2925 м, (Мусала чокусу). Түздүктөр негизинен жарым аралдын чет-жакаларында (Ортонку Дунай жана Төмөнкү Дунай түздүктөрү), тоо аралык ойдундарда (Жогорку Фракия, Фессалия ойдундары ж. б.), жээк бойлой жайгашкан. Климаты түндүгүндө жана чыгышында мелүүн континенттик, батышы менен түштүгүндө субтропиктик жер ортолук деңиздик. Динара тайпак тоосунун батыш капталына жаан-чачын көп (айрым жылдары Котор бухтасында 5000 ммге чейин) жаайт. Башкы дарыялары: Дунай, Сага (Балкан жарым аралынын түндүк чеги), ошондой эле Марица, Морава.

Балкан Жарым Аралы
Балкан жарым аралы.

Ири көлдөрү: Скадар, Охрид, Преспа. Батыш жана түштүгүндө жерортолук деңиздик бадалдар жана токой, түндук жана чыгыш тоолорунда жазы жана ийне жалбырактуу, жалбырагы күбүлмө бадал токойлору өсөт. Карст процесси өнүккөн. Динара тайпак тоосунун айрым жерлеринде өсүмдүктөр өспөйт. Түздүктөрү айдалган. Ири шаарлары: София, Белград, Стамбул, Афины, Тирана.

Колдонулган адабияттар

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4

Tags:

Адрия деңизиАлбанияБолгарияБосния жана ГерцеговинаГрецияДинара тайпак тоосуДунайЕвропаЖер ортолук деңизИония деңизиКара деңизМарицаМрамор деңизиОртонку Дунай түздүгүПиндРодопи тоолоруРумынияСловенияТүндүк МакедонияТүркияТөмөнкү Дунай түздүгүХорватияЭгей деңизи

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

СуутекЖандоочХромосомаларТоп жылдызМаданиятКыргызстанКазакстанКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданияты“Балбай” (поэма)Кыргыз урууларыОн эки эли ичегиКурактык өзгөчөлүкТемирКыргызстандын дары сууларыСаяпкерТокойБурана (мунара)Жаз мезгилиСүмөлөкПольшаФизиологияКыргызстан Түрк кагандыктарынын курамындаУнитардык мамлекетМурунТемиркул ҮмөталиевАлп СолКыргыз тилинин жазуу эрежелериТуз (химия)Шатман СадыбакасовТалас дарыяОндук эсептөө системасыҮнсүз тыбыштарКыргыздын улуттук кийимдериКаада- салттар,ырым-жырымдарТынч океанГүлОрусияАдабий тилУкукЖемиштерГезитКомпьютерСеметейдин Букардан Таласка келишиАлмамбетЭлектр кыймылдаткыч күчүАнтропологияОперациялык системаҮндүү тыбыштарЖүрүм-турумИнтернетЧуст маданиятыАба ырайыАк кеме (чыгарма)Ысык-Көл ойдуңуСинтаксисКанадаЭтикаТыбышТөл сөзЗаманачы акындарОоз көңдөйүСак уруусуСөз байланышыТеңир-ТооКыргыз эли колдонгон жазууларУзакбай АбдукаимовЗаара бөлүп чыгаруу системасыОрозбак уулу СагымбайКалинин (Кара-Суу району)Кош бойлуулукМүнүшкөрМухаммед кыргызЭнесай кыргыздарыТатаал гүлдүүлөр тукумуМеталл эместер🡆 More