Марица – Болгариянын түштүгүндөгү дарыя, төмөнкү агымында Греция менен Түркиянын чек арасы боюнча агат.
Узундугу 525 км, алабынын аянты 53 миң км2. Рила тоосунан башталып, Төмөнкү Фракия ойдуңу боюнча агып, Эгей деңизине куярда саздуу дельтаны пайда кылат. Негизги куймасы – Тунжа. Суусунун орточо чыгымы 200 м3/секдай. Негизинен сугатка пайдаланылат. ГЭС бар. Боюнан Пловдив, Димитровград (Болгария), Эдирне шаары (Түркия) орун алган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Марица, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.