Тирана – Албания Республикасынын борбору (1920-жылдан).
Тирана ретинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Tоо аралык өрөөндө, Адрия деңизинен 40 км аралыкта жайгашкан. Климаты субтропиктик жана жер ортолук деңиздик. Жайы ысык, кургак, кышы жумшак жана нымдуу. Июлдун орточо температурасы 24°С, январдыкы 5°Стун тегереги. Шаар өз алдынча административдик бирдикти түзөт. Калкы 570 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн экономикалык жана маданий ири борбору. Текстиль, металл иштетүү, тамак-аш, айнек-карапа, фармацевтика, машина куруу өнөр-жай ишканалары иштейт. Албания ИА, университеттер, музейлер, Хажи-Эткем-бей мечити (1794-1821), Искандарбек аянт ансамбли (1920-30) бар.
Тирана | |||
алб. Tiranë, Tirana | |||
| |||
Өлкө | Албания | ||
---|---|---|---|
Ички бөлүнүшү | 11 район | ||
мэр | Лулзим Баша | ||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Аянты | 41,8 | ||
Бийиктиктиги | 90 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны | 386 420 (2010) | ||
Жыштыгы | адам/км2 | ||
Этнохроним | тираналык, тираналыктар | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы | +1 | ||
Телефон коду | +355 4 | ||
Автоунаа коду | TR | ||
http://www.tirana.gov.al/ |
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тирана, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.