Анна Каренина (англ. Anna Karenina) –– орус жазуучусу Лев Толстойдун романы.
1873-жылдан 1877-жылга чейин бир нече бөлүктөр менен "Орус кабарчысы (Русский вестник)" мезгилдүү журналына басылып чыккан. Толстой акыркы бөлүгүндө көтөрүлгөн темалар (орус ыктыярчыларынын Сербияга согушка барганы туурасында Толстойдун терс көз карашы) боюнча редактор Михаил Катков менен кер-мур айтыша кеткен. Ошондуктан романдын биринчи жолу толук китеп түрүндө 1878-жылы пайда болгон.
Реалисттик фантастикалык чыгарманын туу чокусу катары кеңири кабыл алынган "Анна Каренина" романын Толстой өзүнүн алгачкы чыныгы романы деп эсептеген. Ал эми "Согуш жана тынчтыкты" ал романдан да ашып түшкөн эмгек деген. Фёдор Достоевский аны "кынтыксыз көркөм өнөр чыгармасы" деп жарыялаган. Анын көз карашын "Толстойдун стилинин кынтыксыз сыйкыры" деген Владимир Набоков да тең бөлүшкөн. Уилям Фолкнер романды "жазылган китептердин эң мыктысы" деп сүрөттөгөн. Роман популярдуулугун жоготпой келүүдө. Time журналынын 2007-жылы жүргүзгөн азыркы замандын 125 жазуучусу боюнча сурамжылоодо "Анна Каренина" "жазылган китептердин эң улуусу" деген добушка ээ болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Анна Каренина, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.