Согуш жана тынчтык (орус.
"Согуш жана тынчтык" орус жазуучу Лев Толстойдун романы, дүйнөлүк адабияттын негизги чыгармасы жана Толстойдун адабий жетишкендиги болуп саналат.
Роман француздардын орус падышачылыгына басып кирүүсүн баяндаган тарыхый окуяларды жана наполеондук доордун таасирин беш орус аристократиялык үй-булөлөрдүн окуялары аркылуу чагылдырат. 1865-1867-жылдар арасы, романдын "1805-жыл" (англ. The Year 1805) аттуу алгачкы версиясы The Russian Messenger гезитинде серияларга бөлүнүп басылып чыккан. Романдын толук варианты биринчи жолу 1869-жылы жарыкка чыккан.
Толстой "Согуш жана тынчтык" романы жөнүндө мындай деп айткан: "бул чыгарма жөн гана роман эмес, ыр дагы эмес, тарыхый жылнаама дагы эмес". Өзгөчө акыркы бөлүмдөрүндө учураган көлөмдүү параграфтар баяндамага караганда философикалык талкулоолорго жакын. Толстойдун айтканы боюнча , эң мыкты орус адабияты стандарттарга баш ийбегенин белгилеп, чыгармасын роман деп айтуудан баш тарткан. Тескерисинче, ал өзүнүн биринчи романы катары "Анна Каренина" (англ. Anna Karenina) романын эсептечү. "Энциклопедия Британника" (англ. The Encyclopædia Britannica) китебинде мндай деп жазылган: "Англис тилинде жазылган романдардын эч бири Толстойдун "Согуш жана тынчтык" романындай универсалдуу боло алган жок деп тастыктаса болот".
Чыгарманын кыргызча котормосун интернеттен тапса болобу?
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Согуш жана тынчтык, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.