Аммиак

Аммиак – азот менен суутек жөнөкөй бирикмеси.

Түссүз, кескин жыттуу, тумчуктургуч газ. Жаратылышта А. орг. заттардын чирип ажырашынан пайда болот. Эрүү t 80°С, кайноо t 33,35°С, сууда жакшы эрийт. Спиртте, ацетондо, хлороформдо жана бензолдо начар эрийт. Төмөнкү темп-рада суюктукка айланат, темп-раны андан ары төмөндөтсө кристаллды пайда кылат. Суюк А. эриткич катары колдонулат. А. суудагы эритмеси нашатырь спирти деп аталат. Жогорку темп-рада А. азот жана суутекке ажырайт. А. криссталдар менен сууда жакшы эрий турган туздарды берет. А. туздарын ысытканда жеңил ажырайт. А. к-лар менен аммиакаттарды, кээ бир металлдар менен нитриттерди же амиддерди берет. А. күкүрт, көмүр кычкыл газы менен ысытканда N4S4, HCN жана NH2COONH4 пайда болот. Пайда болгон NH2COONH4 140°С жана 150 ат. м. басымда сууга жана карбамидке ажырайт. А. кычкылтекте күйгүзүүдөн суу, азот жана азот оксиди пайда болот. А. окистендирүүдөн азот к-тасын, эгерде метан кошулса синил к-тасын алууга болот. А. алуу ыкмалары көп. Мис., Несслер реактиви менен кара түстөгү заттарды пайда кылат. А. азот менен суутек аракеттенүүсүнөн же көмүрдү кокска айландырганда бөлүнүп чыккан газдан алууга болот. А. аба же кычкылтек менен белгилүү өлчөмдө аралашканда жарылууга жөндөмдүү аралашмалар пайда болот. А. менен иштөө чеберчиликти талап кылат. А. башка элемент щелочтор сыяктуу эле денеге же колго тийсе, күйгүзүп кетиши мүмкүн, о.эле абада концентрациясы көп болсо, дем алдырбай муунтат. Мындай учурда атайын жасалган противогаз колдонуу керек. Азот к-тасын, карбамидди, орг. заттарды синтездөө, жер семирткичтерди даярдоодо, медицинада жана хим. ө.ж-да кеңири колдонулат.

Аммиак
Аммиак.

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6

Tags:

АзотАцетонБензолСуутекХлороформ

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ЭволюцияӨсүмдүкСейтек эпосуКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыАнтропогендик факторлорПублицистикаУсун мамлекетиAppleКыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетиПедагогикаТоп жылдыз1930Кыргызстандын туусуКызыл алма (тасма)Иманалиев Элмирбек КалиловичМуктар АуэзовТөрт бурчтукКомуз күүсүМарсФразеологизмКомпьютердик тармакМеркурийЫшкынКыргызстан калкынын биринчи курултайыЖарандык согушМанасчыКожожашКлеткаАянтЖаратылышИчки Теңир-ТооХромосомаларОрусияКесилген конусМаркетингТиричиликтин пайда болушуМашина курууАдеп тарбиясыСыдык уулу ОсмонаалыКосмосБиринчи дүйнөлүк согушШабдан баатырСүт эмүүчүКомплекстүү бирикмелерВитаминдерФутболКасым ТыныстановДемократияКызыл кыргыз тарыхыБеларусьЖумурткаРеволюциянын каармандарына монументи –Кан тамырларКыргызстандын Орусияга каратылышыСүтВолейболЖылкыАк кеме (чыгарма)Дезоксирибонуклеин кислотасыАтайын салыштырмалуулук теориясыЦин империясынын баскынчылык аракеттерине каршы күрөшүХлорПродуценттерЩелочтуу жер металлдарыКазат АкматовСамынАалы ТуткучевАныктоочМодал сөздөрЗаара бөлүп чыгаруу системасыЖер тобундагы планеталарЧүй облусуКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыМактумгулуАз кандуулукБиринчи жардам«Көкөтөйдүн ашы»КЫРГЫЗДАРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АЛАРДЫН ТАРЫХЫНАН АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТТАР.🡆 More