Адабият

Адабият (араб - адептүүлүк, ыймандуулук) ― искусствонун сөз өнөрү менен ишке ачуучу, дуйнөнү образдуу чагылдырууга негизделген түрү.

Бул түшүнүк кең мааниде бардык эле жазылган чыгармаларга карата колдонулат. Маселен,илимий адабият, техникалык адабият, медициналык адабият жана башка. Ал эми тар мааниде – көркөм чыгарма дегенди билдирет. Адабият адам жаралгандан бери эле жашап келет. Кыргыздарда термин катары бул сөз революциядан кийин тилибизге кошулду. Көркөм адабият – коомдук аң-сезимдин бир формасы. Анын өсүшү, өзгөрүшү ошол коомдук турмуш менен тыгыз байланыштуу. Искусствонун айрым түрлөрүндө, мисалы, сүрөттө ― боёк, бийде ― кыймыл-аракет, музыкада үн негизги курулуш материал болсо, адабиятта мындай кызматты сөз аткарат. Ошондуктан анда ар кандай идея, тема сөздүн жардамы аркылуу ачылат.

Адабият оозеки айтылса, анда ал угууга ылайыкталат, ал эми жазуу формасында болгондо окурмандык кабыл алууга ыңгайлашат. Адабиятта ар түрдүү тектер, жанрлар турмушту чагылдыруунун өзгөчөлүктөрүнө ылайык аракеттенет. Ал адамдарга таануучулук, тарбиялоочулук, өстүрүп-өнүктүрүүчүлүк, эстетикалык рахат берүүчүлүк кызмат кылат да, ар түрдүү көркөм методдордо, агымдарда ар кыл өзгөчөлүктөргө ээ болот. “Адабият – элдин аң-сезими, жарыгы, жемиши, алардын жашоо турмушу” (В.Г.Белинский) болуу менен “адамтаануу” (М.Горький) катары элдин рухий турмушун дайыма коштоп келатат. Адабият - сөз өнөрү деп да айтылат.

1. Илимий, көркөм, саясий жана башка чыгармалардын жалпы жыйындысы, ар кандай китептер, журналдар ж.б.

2. Турмуштук кубулуштарды, окуяларды, көркөм чыгармаларды, образдарды сөз аркылуу сүрөттөп көрсөтүүчү искусствонун бир түрү, проза же поэзия түрүндөгү көркөм чыгармалар.

Булактар

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004

Tags:

ИскусствоМузыка

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Орозбак уулу СагымбайЧыгыш АзияАк кеме (тасма)Кар көчкүБизнесКлеткаАнтропогендик факторлорУсубалиев Турдакун УсубалиевичАрстанбапКыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруКызамыкКалендарьКыргыз тилинин тарыхыКыргыз этнонимиКедейкан (эпос)СинтаксисЖетимишев СейитӨспүрүм балдарМаданиятЩелочтуу жер металлдарыРадиоактивдүүлүкБаланын укуктары жөнүндө конвенцияТогуз коргоолИнсанИндияМухаммед кыргызБагынычтуу (багыныңкы байланыштагы) татаал сүйлөмМухаммед пайгамбарКеплер мыйзамдарыАвтомобильМал чарбасыГепатит ААлександр МакедонскийКыргызстандын дары сууларыРефератГеометриялык түзүүЧолпонКаныбекЭкологияЭссеИнтеграцияКыргызстандын гимниМүнөз (психология)Кыргыз тилинин жазуу эрежелериЗат алмашууДрамаИлимЭтишКурмангазы Сагырбай уулуАбдылас МалдыбаевКыргыз композиторлоруХайду мамлекетиЭмгекГлобалдык экологиялык проблемаларМанас эпосунун идеясыТранспортТыныш белгилериМанастын туулганыТатаал сөздөрКыргыз адабиятыДилбаянКөкөтөйдүн ашыКыргыз тилинин грамматикасыАйыл чарбаОкутуу методуСооронбай ЖусуевАминдерПланеталардын жандоочуларыАргындаштыруу“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясыФотоэффектЖалал-Абад облусуЭкинчи дүйнөлүк согушУран (планета)Түндүк АмерикаВитамин ААйлана чөйрөнү коргооИбраев, ЭсенгулТерроризм🡆 More