Цитоплазма (цито...
жана плазма) ― клетканын плазма мембранасы менен ядронун ортосундагы бөлүгү.
Ал көп фазалуу коллоиддик тутум ― гиалоплазмадан жана андагы органиоддерден, микротүтүкчөлөрдөн, микрофибриллдерден, бүртүкчөлөрдөн турат. Гиалоплазма түрдүү биополимерлерден, белок, нуклеин к-талары, углеводород ж. б. заттардан түзүлөт. Цитоплазма плазма мембранасы аркылуу тышкы чөйрө менен, ядро кабыкчасы аркылуу ядро менен байланышта болуп, алар менен зат алмашат. Цитоплазмада ядродо жүрүүчү бардык метобола процесстери жүрөт. Цитоплазма аркылуу клетканын органиоддери, структуралык элементтери бири-бири менен механикалык, химиялык байланышат, заттар клеткада бир орундан экинчи орунга ташылат, запас азык заттар сакталат. Жаныбар клеткасынын цитоплазмасы эктеплазмадан жана эндоплазмадан турат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Цитоплазма, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.