Скриптонит (англ. Scriptonite), нукура ысымы Адиль Жалелов (каз.
Алгач ирет 2014-жылы «VBVVCTND» ырынын видеоклиби аркылуу таанымал болгон, эки жылдан соң «Дом с нормальными явлениями» (кырг. Кадимкидей кубулуштар бар үй) аттуу алгачкы альбомун чыгарган. Адильдин чыгармачылыгын баалаган коом бул альбомду жакшы кабыл алып, 2015-жылы эң ийгиликтүү орус тилдүү рэп-альбомдорунун катарына кирген.
Скриптонит Scriptonite | |
Скриптонит 2016-жылы | |
Негизги маалымат | |
---|---|
Төрөлгөндөгү ысымы | Адиль Оралбекович Кулмагамбетов |
Толук ысымы | Адиль Оралбекович Жалелов |
Туулган датасы | 3 -июнь 1990 (33 жаш) |
Туулган жери | Ленинский кыштагы, Павлодар облусу, Казак ССР |
Өлкө | |
Кесиптери | |
Жанрлары | альтернативдик хип-хоп, хип-хоп, трэп, трип-хоп, R&B рэп-рок |
Активдүү жылдары | 2009 — азыркы учурда |
Жамааты | DME, Jillzay |
Адиль Кулмагамбетов 1990-жылы 3-июньда Павлодар шаарына жакын орун алган Ленинский кыштагында туулган. Музыка менен жаш кезинен алектенип баштаган, 11 жашында рэпке кызыгуусу пайда болуп, 15 жашынан тарта обон чыгарып баштаган.
2009-жылы Скриптонит өзүнүн досу Ануар менен (Niman) JILLZ аттуу топ курган. Алардан башка топтун курамына Юрий Дробитько (Юрик Четверг), Саян Жымбаев (Truwer), Азамат Алпысбаев (Six O) жана Айдос Жумалинов (Strong Symphony) кирген. Gazgolder продюсердик борбору менен келишимге чейин Скриптонит бир нече синглдар жазып үлгүргөн. Алардын көбү хитке айналып, Адильдин өнөрүнүн күйөрмандары пайда болду, ошондой эле ал чыныгы трэп-музыканы аткаруучу иретинде белгилүү болду. 2013-жылы Скриптонит Niman менен бирге «VBVVCTND» ырына видеоклип тарттырып чыгарган (VBVVCTND — «Выбор без вариантов — всё, что ты нам дал»), ал аз гана убакытта YouTube сайтында көптөгөн көрсөтүү жыйнаган. Ушудан киймн Скриптонитке орусиялык Gazgolder продюсердик борбору кызыгуу арттырган. 2014-жылдын 27-февралында Скриптонит лейблдин расмий мүчөсү болуп жарыяланган. Кийин дал ушу 2014-жылды Скриптонит өмүрүнүн бурулуш учуру деп атап өткөн.
2015-жылы Скриптонит Баста менен Смоки Монун альбомдаруна катышып, Даша Чаруша менен бирге «Космос» ырын жаздырган. Бул сингл iTunes чартында алдынкы орундарды ээлеп, The Flow сайтынын «2015-жылдын 50 эң мыкты ыры» тизмесинде 22 орунду алган. Скриптониттин катышуусу менен тартылган «Лёд» жана «Миллионер из трущоб» ырларынын видеоклиптери YouTube сайтында миллиондогон көрсөтүүлөргө жеткен. «Миллионер из трущоб» деген клиби Rap.ru сайтынын «2015-жылдын эң мыкты орус клиптери» тизмесинде 2-чи орунга ээ болгон, «Лёд» ыры The Flow сайтынын «2015-жылдын 50 эң мыкты ыры» тизмесинде 46-чы орунду ээлеген. 2015-жылдын октябрь айында Скриптонит Jagermeister Indie Awards сыйлыгынын «хип-хоп» номинациясы боюнча финалистердин катарына кирген. 2016-жылы жай мезгилинде Скриптонит GQ журналынын «Жылдын ачылышы 2016» номинациясынын талапкерлери тизмесине киргизилген.
Скриптониттин «Дом с нормальными явлениями» (кырг. Кадимкидей кубулуштар бар үй) аттуу алгачкы альбому 2015-жылдын 24-ноябрында жарыкка чыккан. iTunes медиаплееринин альбомдук чартында 2-чи орунду ээлеген. Бул чартта Скриптониттин альбому орусиялык рэпер Oxxxymiron'дун «Горгород» деген альбомун ашып түшкөн, бирок британиялык ырчы Адельдин жаңы альбомунан калып калган.
«Дом с нормальными явлениями» 2015-жылдын эң ийгиликтүү рэп-альбомдорунун катарына кирди. Скриптониттин өзүн Colta.ru сайты «жылдын рэпери» деп тапкан. «Дом с нормальными явлениями» Газета.Ru сайтынын «2015-жылдын эң мыкты 20 альбому» тизмесине кирген, ошондой эле «Афиша» журналынын «жылдын эң мыкты 30 альбому» тизмесинде 6-чы орунду ээлеген. Rap.ru жана The Flow сайттарынын эң мыкты орус тилдүү альбомдор тизмелеринде Скриптониттин альбому 1-чи орунга ээ болгон.
«Стиль» аттуу ырынын видеоклиби Rap.ru сайтынын «2015-жылдын эң мыкты клиптери» тизмесинде 5-чи орун алган, ырдын өзү The Flow сайтынын «2015-жылдын эң мыкты 50 ыры» тизмесинде 15-чи орунда ээлеген. Ошол эле тизмеде «Танцуй сама» аттуу чыгармасы 3-чү орунга ээ болгон. «Афиша» журналы «Притон» аттуу ырынын видеоклибин «2015-жылдын улуу 100 клиби» тизмесине киргизген.
Башынан Скриптониттин экинчи альбому алгачкы альбому менен бирге бир күндө чыгат деп пландаштырылган. Meduza сайтына берген интервьюсунда Скриптонит даяр болуп калган 3P (англ. tripy деп окулат) аттуу альбому 2016-жылдын январь айында чыгат экенин ишендирип айткан, бирок белгисиз себептер үчүн альбом айтылган убакта жарыкка чыккан эмес. Кийин Скриптониттин экинчи студиялык альбомунун аты «Отель „Эверест“» болору белгилүү болгон.
2016-жылдын сентябрь айында GQ эркектер журналы Скриптонитти «Жылдын ачылышы» деп тапкан.
2016-жылы 29-октябрьда Jillzay тобу 718 Jungle аттуу альбомун чыгарган, альбомго 18 ыр кирген. Ырлардын жарымына Скриптонит катышкан.
2017-жылы 7-мартта жамаат Open Season аттуу кичи-альбом чыгарган.
Жыйынтыгында экинчи студиялык альбому «Праздник на улице 36» деген аталышка ээ болгон. Релизи 2017-жылы 24-майда болгон. Альбомдун чыгышына бир нече саат калганда «Outro» ыры жана эки курамдан турган «Вечеринка» / Jillzay — «Бар „2 лесбухи“» аттуу видеоклиби чыккан. Альбомдун презентациясы 2017-жылы 26-майда Санкт-Петербургдагы А2 клубунда өткөн. Бул иш-чарада Адиль башка аттуу, жаңы альбомдун релизи 2017-жылы күзүндө болорун маалымдаган. «L’Officiel» журналынын редактору Ксения Собчакка болгон интервьюсунда Скриптонит «Улица 36» аттуу альбому эки курамдан турарын жана мурунку альбомдордон айырмаланып, аткаруучунун жеке көйгөйлөрүнө арналганын тактап айткан.
Көп өтпөй Jillzay тобу Zorski аттуу өзүнчө музыкалык лейблге өсүп айланганы белгилүү болду. Лейблге 104 (Юрий Дробитько), Truwer (Саян Жымбаев) и Benz (Алтынбек Мерканов) аттуу аткаруучулар кирген. Сентябрьда 104 жана Truwer «Сафари» аттуу биргелишкен соло альбомун көрсөтүп тааныштырышкан. Бул альбомдо Скриптонит жөн гана конок катары катышпастан, аткаруучу продюсер болуп чыккан.
2017-жылы 16-декабрьда Скриптонит үчүнчү эмгегин жарыкка чыгарган — «Уроборос: Улица 36» жана «Уроборос: Зеркала» аттуу эки курамдан турган концептуалдуу альбом. Альбомдун аталышы мифтик жан — уроборос жыланына жөнөтүлөт. Газета.Ru сайтына болгон интервьюсунда альбомдун аталышы эмнеге ушундай экенин Адиль Жалелов төмөнкүдөй түшүндүргөн: «... 36 деген менин цифраларымдын мааниси менен айкалышкан бул образ мага абдан жакын экенин түшүндүм. Жана дагы өзүн өзү жеп жаткан жыландын образы, өзүн өзү кыйратуу аркылуу өзүн өзү жетилтүү принциби мага ар тараптан жакын». Альбомдун презентациясы ошол эле күнүСанкт-Петербургдагы А2 клубунда өткөн. Релиз болгон күнү Жалелов рэп ал үчүн жанр катары түгөнгөнүн, ошол себептен чыгармачылыгында тыныгуу алып, 2—3 жыл аралыгында чоң соло релиздер чыгарбайт экенин өзүнүн Instagram-трансляциясынан айткан.
2018-жылдын 9-августунда Адиль «Глупые и Ненужные» аттуу «Gruppa Skryptonite жаңы музыкалык проектинин биринчи окуясын» чыгарган. Белгилей кетчү нерсе, ырдын клиби Gazgolder'дин каналында эмес, топтун өзүнүн каналында жарыяланган.
2018-жылдын 24-октябрында T-Fest, 104 жана Niman менен биргеликте жаздырылган «Мультибрендовый» рэп-ырынын премьерасы болгон. Ошол эле күнү «GazLive» шоусунун экинчи сезонунун биринчи чыгарылышы чыккан, анда Адиль конок катары келген. Бул чыгарылышта рэпке кайрадан кайтып келгенин жана азыркы убакта жаңы мини-альбомдун үстүнөн иштеп жатканын билдирген. Ошондой эле ушул эле интервьюда Скриптонит Бишкектеги милиция кызматкерлеринин жагымсыз иштеринен кийин Кыргызстанга башка келбей тургандыгын билдирген.
2019-жылы Скриптонит, 104, Truwer и Dose биргелешип Musica36 бирикмесин түзүшкөн. Февраль — март аралыгында бул марканын алкагында 5 ыр чыккан: «В аду сегодня жарко» (104, Dose, Скриптонит), «Ликёрная ванна» (Dose), «Podruga» (Gruppa Skryptonite), «Sinsemilla» (104, Скриптонит, Вандер Фил, Rigos), «Танцевала» (Dose, Andy Panda). «Podruga» деген ырга клип тартылган.
21-мартта Gruppa Skryptonite YouTube-каналында «Podruga» ырынын лайв-аткаруусу чыккан, ал эми 31-мартта жана 1-апрельде — «Priton» жана «Suka tashit nas na dno» («Дом с нормальными явлениями» альбомунундагы ырлардын башка версиясы).
5-апрельде Gruppa Skryptonite'тин Solitude аттуу дебюттук кичи-альбому чыккан. Жыйнакка 6 ыр кирген, анын ичинде «Glupye I Nenuzhnye» жана «Podruga» ырлары.
28-июньда Скриптонит «Замёрз» (Andy Panda менен биргеликте) жана «Погрейся» ырларын жарыкка чыгарган.
Жылы | Аты | Түрү | Биргеликте |
---|---|---|---|
2019 | «Замёрз» | негизги артист | Andy Panda |
«Billboard» | чакырылган артист | Andy Panda, 104, TumaniYO, Miyagi | |
«Sinsemilla» | чакырылган артист | 104, Вандер Фил, Rigos | |
«Podruga» | негизги артист | Gruppa Skryptonite | |
«В аду сегодня жарко» | чакырылган артист | 104, Dose | |
2018 | «Мультибрендовый» | негизги артист | 104, T-Fest, Niman |
«Глупые и Ненужные» | негизги артист | Gruppa Skryptonite | |
2017 | «Где твоя любовь?» | негизги артист | Major Lazer |
«НТРС» | негизги артист | ||
«Outro» | негизги артист | 104, Benz | |
«Ламбада» | чакырылган артист | T-Fest | |
2016 | «Витамин» | негизги артист | |
«Do Dna» | чакырылган артист | 104, Truwer | |
«Вальс» | чакырылган артист | Pharaoh | |
«Бисер» | негизги артист | ATL | |
2015 | «Твоя сука» | негизги артист | Pharaoh |
«Космос» | негизги артист | Даша Чаруша | |
«Перспектива» | чакырылган артист | Guf, Rigos | |
«Случайности» | чакырылган артист | Rigos, BluntCath | |
2014 | «5 здесь, 5 там» | негизги артист | |
«Локоны» | негизги артист | ||
«Твой» | негизги артист | ||
«Не добро пожаловать» | негизги артист | ||
2013 | «VBVVCTND» | негизги артист |
Жылы | Аты | Режиссёр(лор) | Альбом |
---|---|---|---|
2011 | «Что происходит» | Евгений Гетман | Альбомсуз сингл |
2012 | «11 км» | ||
«No Hook #2» | Sean D | ||
2013 | «PVL Is Back» (Niman менен биргеликте) | ||
«Приглашение в г. Астана» | |||
«Batman (ПКД)» | Максат Адам (Max Human) | ||
«VBVVCTND» | |||
2014 | «Твой» | ||
Приглашение в Зеленый Театр | |||
2015 | «Стиль» | «Дом с нормальными явлениями» | |
«Притон» | Олег Че, Адиль Жалелов | ||
2016 | «Приглашение на GazgolderLive» Тати) | Айсултан Сеитов | Альбомсуз сингл |
«Витамин» | Олег Че, Андрей Ковалев | ||
2017 | «Ламбада» (T-Fest менен биргеликте) | Айсултан Сеитов, Медет Шаяхметов | |
«Вечеринка / Бар — Две лесбухи» (KolyaOlya'нын катышуусу менен) | Медет Шаяхметов | «Праздник на улице 36» / Open Season | |
2018 | «Глупые и Ненужные» | Альбомсуз сингл | |
«Мультибрендовый» (104, T-Fest, Niman'дын катышуусу менен) | Альбомсуз сингл | ||
2019 | «Podruga» | Таня Муиньо | Альбомсуз сингл |
Жылы | Аты | Режиссёр(лор) | Альбом |
---|---|---|---|
2017 | «Поднять и потратить» (Bro Upgrade, Скриптонит, 104) | 718 Jungle | |
«Ниа» (Райда, 104, Скриптонит) | |||
«Вечеринка / Бар — Две лесбухи» (KolyaOlya'нын катышуусу менен) | Медет Шаяхметов | «Праздник на улице 36» / Open Season | |
«Нет выбора» (OST: «Конверт») (104, Truwer, Blud, Скриптонит) | Альбомсуз сингл |
Жылы | Аты | Режиссёр(лор) | Альбом |
---|---|---|---|
2012 | «Для моих людей» (PR’OXY Скриптониттин катышуусунда) | ||
2015 | «Миллионер из трущоб» (Баста & Смоки Мо Скриптониттин катышуусунда) | «Баста / Смоки Мо» | |
«Лёд» (Баста & Смоки Мо Скриптониттин катышуусунда) | |||
2016 | «Сансара» (Charusha Скриптониттин катышуусунда) | «Навсегда» | |
2017 | «Сансара» (Баста при участии Д.Арбенина, A. Ф. Скляр, С. Бобунец, SunSay, Ант (25/17) жана Скриптонит) | Альбомсуз сингл | |
«Blood of My Blood» (Tricky Скриптониттин катышуусунда) | «Ununiform» |
Жылы | Тасма | Режиссёр | Продюсер | Сценарист | Композитор | Актёр |
---|---|---|---|---|---|---|
2017 | Дым | |||||
2018 | Клубаре |
Артист жеке жашоосу тууралуу айтканды жакшы көрбөйт, жана өзүнүн үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн социалдык тармактарга эч качан чыгарбайт. Бирок, 2017-жылдын 27-апрелинде Бастанын «Сансара» аттуу ырынын клибинде көрүүчүлөр Скриптониттин бөбөк кармап түшкөн сүрөтүн көрүшкөн. Кийин рэпер 2016-жылы 19-январьда балалуу болгонун, анын ысымын Лучи (артисттин энесинин урматына) койгонун далилдеген. Уулунун энеси бийчи жана хореограф Нигора Абдиганиева. Ал менен Адиль атактуу болгонго чейин эле таанышып, бир нече жыл мамиледе турган. Артист өзүнүн сүйгөнүн эч качан элге жарыялаган эмес, бирок аны Скриптониттин Жашыл театрга видеочакыруусунда көрсө болот. Мындан тышкары, Нигора эң сонун вокалга ээ жана кээде орус жана англис тилдеринде белгилүү ырларды аткарып, кыска видеолор менен жазылуучуларын кубантып турат.
Юрий Дудьга болго интервьюсунда Скриптонит мураскорлуу болгондон кийин үй-бүлөсүн Казакстандан Мөскөөгө көчүрүп келгенин айткан. Бирок, бир нече убакыттан кийин, Нигора уулу менен өз шаары Чымкентке кайтып келүүнү чечкен, жана кайрадан бий студиясындагы жумушуна киришкен. Рэпер абдан көп иштеп жатканын, ошондуктан мекенине чанда келип, сагынган уулун анда-санда көрүп жатканын айтып жүрөт. Жаш түгөйлөр баласын элге көрсөтпөгөнгө аракет кылышат, бирок интернет мейкиндигине тарап кеткен айрым сүрөттөрдөн Скриптониттин мураскору атактуу атасына эки тамчыдай окшош экенин көрсө болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Скриптонит, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.