Ырчы — ырды шыдыр жараткан төкмө, жамакчы, акын.
Кыргыздарда акын маанисинде гана айтылат. Манастын "топ жаруучу ырчысы" (Саякбай Каралаев, 1. 194) Ырамандын ырчы уулу Көкөтөйдүн ашында жарчы болгон. Ы-лар жар чакырууда, көңүл ачууда, бирөөлөрдүн жакшы-жаман сапаттарын сүрөттөөдө кеңири пайдаланылган: "Ырчыларга мактатып" (Сагымбай Орозбаков, 3. 11), "Сурнайды суулап тартышып, ырчылар ырын айтышат" (Сагымбай Орозбаков, 1. 78) жана башкадар Ал эми: "Жайсаң ырчы дегени Жалаң үйдүн борумун Жарым күнчө ырдаган" (Сагымбай Орозбаков, 2. 11). М. Ауэзов "Манасты" алгач ыр түрүндө жараткан ушул Жайсаң ырчы болуу керек деген божомолду айткан, к. Акын.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ырчы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.