Павлодар – Казакстандагы шаар (1861-жылдан).
Павлодар облусунун административдик борбору. Иртыш дарыясындагы порт. Шаар 1720-ж. негизделген. Калкы 331,1 миң (2012). Темир жол бекети. Нефть ажыратуу, комбайн жана шина, картон-рубероид заводдору, алюминий, кеме куруу жана ремонттоо, тамак-аш (эт, ун комбинаттары, сүт заводу) өнөр-жай ишканалары иштейт. Балык кармалып, беленделет (консерва даярдалат). Павлодарга жакын Иртыш – Караганды каналы өтөт. Эки университет, 8 институт, коллеж, китепканалар, драма театры, музейлер (край таануу, көркөм искусство), мечиттер, кафедралуу собор бар.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Павлодар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.