Жылуулук — 1) материя кыймылынын бир түрү; 2) нерселерди түзүп турган микробөлүкчөлөрдүн (атом, молекула, фотон жана башка) претсиз кыймылы; 3) энергиянын жылуулук алмашуу аркылуу бир нерседен экинчи нерсеге өтүү процесси же берилген жылуулук саны.
Жылуулук алмашууда система кабыл алган же бөлүп берген энергия саны жылуулуктун сандык ченеми. Жумуш менен бирге жылуулук саны системанын ички энергиясынын өзгөрүү ченеми. Жылуулук алмашууда системанын ички энергиясы системанын молекулалары менен аны курчаган нерселердин молекулаларынын түздөн-түз өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында өзгөрөт. Нерсе бөлүкчөлөрүнүн иретсиз кыймылдагы энергиясы жылуулук. энергиясы деп аталат. Жылуулук энергиясы зат молекулаларынын иретсиз алга жылуу, айлануу жана атомдордун молекула ичиндеги термелүү кыймылдарынын суммасынан турат. Жылуулук кыймылынын закон ченеми термодинамикада, статистикалык физикада жана башка каралат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жылуулук, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.