Опера-сериа (итал.
opera seria – олуттуу опера) – Италияда неаполдук опера багытында 18-кылымда жаралган опера жанры. Италиянын музыка өнөрүнүн өнүгүшү менен опера-сериа Европага тараган. Опера-серианын мазмунун көбүнчө мифологиялык легендарлуу-тарыхый окуялар түзгөн. Чыгармадагы окуялардын чиелениши, өнүгүшү жалаң речитативдерде ишке ашырылган. Каармандардын кейпи, алардын ой-мүдөсү, ою, кылык-жоругу баш-аягы жыйнактуу, такталган музыкалык номерлер – ария, ариозо, каватина, дуэт, трио, ансамблдер аркылуу берилген. Мүнөзү боюнча баатырдык, лирикалык, муңдуу болуп бөлүнгөн. Адатта анча терең иштелбеген деңгээлдеги опера-серианын өзгөчөлүгү ырчы-виртуоздордун кызыкчылыгына байланыштуу болгон жана акырында опера-серианы кризиске дуушар кылган. 19-кылымда опера-сериа өз маанисин жоготуп, колдонуудан чыккан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Опера-сериа, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.