Объект

Объект (соңку лат.

оbjectum – предмет, зат, лат. оbjicto – алга ыргытам, карама-каршы коём дегенден) – 1) предметтик-практикалык жана таанымдык иш-аракеттеги субъектиге каршы турган нерселерди билдирүүчү философиялык категория; адамга жана анын аң-сезимине көз карандысыз жашоочу обьективдүү реалдуулук, коомдун тарыхый өнүгүүсүндө иштелип чыккан ишкердүүлүк, таанып-билүүчү аң-сезимде тил жана билим формаларында кабылданган табигый жана тарыхый кубулуштар. Ошондуктан объект адам (субъект) таануучу, өзгөртүүчү заттардын деги эле түгөнгүс, чексиз экендигин ырастайт (к. Субъект); 2) экономикалык ишмердүүлүк менен байланышкан бардык нерселер. Экономикада объект катары ишканалар, уюмдар, имараттар, курулуштар, өндүрүш каржаттары каралат. Айрым жактарга таандык мүнөзү боюнча айырмаланган объектилер менчик объект деп аталат. «Объект» термини көбүнчө өндүрүштүк объект, курулуштук объект, социалдык объект, коргонуу объектилери, финансылоо объектилери, кредиттөө объектилери, камсыздандыруу объектилери ж. б. сөз айкаштарында колдонулат; 3) компьютерде – көз каранды эмес программанын берилишти (берилиш-мүчө) жана аларды иштетүүчү ыкмаларды (функция-мүчө) камтыган модулу. Объект программалоосунда колдонулат. Объектилер башка объектилердин берилишин жана методун белгилүү эреже боюнча колдоно алат. Объект – класс деп аталган абстракттуу берилиштер тибиндеги чоңдук. Бул топко бир типтүү объектилер биригет. Мурастоо механизмин колдогон класстар объектинин базалык жана туунду иерархын түзөт. Объектилер билдирүүлөр аркылуу өз ара аракеттенишет. Объектилердин иерархиясы табигый түрдө тизилет, жалпы жонунан программа – бул объект. Өзүнүн функциясын аткаруу үчүн өзүнө кирген объектилерге кайрылат, ал болсо өз кезегинде суралган нерсени программанын башка объектилерине кайрылуу жолу менен аткарат.

Колдонулган адабияттар

Tags:

АдамСубъектЭкономика

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Щелочтуу жер металлдарыСүйүнбай ЭралиевМагнит талаасыРеволюциянын каармандарына монументи –Сөз байланышыКометаКыргызстандын дары сууларыКыргызстандын тышкы саясатыРиторика.Риторика илими.Баш мүчөМукай ЭлебаевКыргызстандын экологиялык көйгөйүБир өңчөй мүчөАлымбек даткаКыргызстанКанадаЖер-суу реформаларыБалдардын курак мезгилдериСөөк системасыТиричиликтин пайда болушуКыргызстандын гимниЧыңгыз ханБанкСуу ЧечекКыргызстандын КонституциясыКөмүртекГамзатов РасулКытай кыргыздарыМеханикалык жумушЖылдыздуу асманРыскулов Акбар (Токтомамбетов Акбар)ИндустриялаштырууТагай бийКанКыргызстандын райондоруТүркмөнстанКошчу союзуЖөтөлгө каршы дарыларДиалектикаБүбүсара БейшеналиеваАйтматов, ТөрөкулКыргыз Республикасынын президенттериМенингитКан тамырларПопуляцияЖумурткаЧоң-Алай тоо кыркасыБир сомКонфликтКытайЭпосКыргызстандын шаарларыСарыбагышКыргыз улуттук оюндарыБарсбек каганКара-Суу районуЖазИбраев, ЭсенгулТүштүк КореяЭтиштин чактарыОрусияКыргыз урууларыМээОрусиядагы жарандык согушКыргыз тилинин грамматикасыТарбияОрганикалык химияСарыкЖакыпФотосинтезМексикаАлюминийАфрикаТемир жол«Манасты» которууЖасалма тандоо🡆 More