Адам(Адам Ата) – Инжил жана Куран боюнча Кудай жараткан эң алгачкы киши, адамзаттын атасы.
Инжилдин «Жаңы осуятында» Адам атаны Кудай топурактан жууруп жасаганы, жан киргизгени айтылат. Куранда болсо Адам ата чоподон, башка бир сүрөөсүндө топурактан жасалган делет. Адам атадан кийин Аллах Обо энени (Инжилде Ева, Куранда Обо) жараткан. Шайтандын (башка бир аты – Ибилис) тилине кирип, Адам ата менен Обо эне бейиштеги дарактын үзүүгө тыюу салынган мөмөсүн жеп «күнөөгө батышкандыгы» үчүн Кудай аларды жазалап «бу дүйнөгө» түшүргөн. Ар кыл расаларга, тилдерге, этностук топторго кирген элдердин бардыгынын тең ата-теги Адам атага барып такалат. Мусулман уламыштарында Адам ата (алейхис салам) – Алла-Тааланын пайгамбарларынын алгачкысы, Мухаммед(САВ) пайгамбар – акыркысы деп айтылат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Адам, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.