Кыргыздардын музыка аспаптары - кыргыз элдик музыка маданиятында байыртан келаткан өзүнчө үнү, аткаруу ыкамалары бар белгилүү ыргактагы жана туруктуу бийиктиктеги добуштарды чыгаруучу аспаптар.
Кыргыздар кылымдар бою колдонуп келген музыкасын аспаптардын көпчүлүгү бизге жеткен жок. Аларды биз түрдүү мезгилдерде жазылып калган тарыхый эмгектерден, оозеки чыгармалардан, музыка изилдөөчүлөрдүн маалыматтарынан билебиз. Алардын тизмеси улам узарып барат, айрымдары кайрадан колдонулуп да жатат. Музыкалык аспаптар жар чакырганда, аскердик сигналдарды берүүдө, аң үркүтүүдө, оюн-зоок, той-тамашаларда жана башка ыр-күүлөрдү аткарууда пайдаланылган. Алар үйлөнмө (чоордун түрлөрү, керней, сурнай), какма (ооз комуз), чертме (комуз), кылдуу тартма (кыл кыяк), урма (добулбас) болуп бөлүнөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кыргыздардын музыка аспаптары, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.